COVID-19: Борбордук Азия мамлекеттериндеги кырдаал

COVID-19: Борбордук Азия мамлекеттериндеги кырдаал

Азия өнүктүрүү банкы Өзбекстанга 100 миллион доллар өлчөмүндө насыя берет. Бул каражаттар өлкөнүн саламаттык сактоо жаатындагы күтүүсүз кырдаалдарга туруктуулугун жогорулатууга, анын ичинде, коронавируска каршы күрөшүүгө жумшалат. Долбоор алкагында тестирлөө, диагностика жана COVID-19 учурларына ыкчам чара көрүү тутумун алдыңкы эки жылда жакшыртуу каралган. Бул бүткүл өлкө боюнча вируска жана ага байланыштуу ооруларды лабораторияларда тестирлөө мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Мындан тышкары, эпидемиологиялык көзөмөл жана COVID-19 ыкчам чара көрүүнүн улуттук санариптик тутуму түзүлөт. Аны жүзөгө ашыруу буга чейин башталган жана 2022-жылы аяктайт. Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү Өзбекстанда 26 миңден көп киши коронавирус менен ооруп жатат. Инфекция башталгандан тартып 157 киши каза тапкан.

Ал арада COVID-19 оорусунан дарылаган Кыргызстандын медициналык мекемелерине кошумча жабдууларды беришти. Кытайдан чартердик каттам менен 78 даана 10 литрлик кычкылтек концентраторлору жеткирилди. Жаңы аппараттар республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынды жана КР Саламаттык сактоо министрлигине аймактарга бөлүштүрүп берүү үчүн тапшырылды. Буга чейин Асман өлкөсүнөн 1,5 миң даана 5 литрлик кычкылтек концентратору алынып келинген. Кезектеги партиянын келиши кийинки жумада күтүлүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 37 миң 500 киши коронавируска чалдыккан. Баш оонанын 4-күнүнө карата жалпы оору жуктургандардын 76% COVID-19 жана ооруканадан тышкаркы пневмониядан айыгышты. Азыркы кезде ооруканаларда 7 миң 300дөн ашык киши дарыланууда. Вирус жалпы өлкө боюнча 1427 кишинин өмүрүн алды. 

Ал эми Тажикстанда өткөн сутка ичинде өлкөнүн 43 жаранынан короновирус аныкталды. Жалпысынан бул оору 7538 кишиде аныкталган. 61 бейтап каза тапты. 

Түркмөнстан дүйнөдө COVID-19 пайда кылган бир дагы оору катталбаган жападан жалгыз мамлекет бойдон кала берүүдө. Аталган мамлекетке теке айынын 6-15-күндөрү атайын миссия менен барган Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү ушундай билдирүү менен чыгышты. Ушул күндөрү Түркмөнстандын Саламаттык сактоо министрлиги бардык үй-бүлөлүк дарыгерлерге элге жеке кыдыруу жүргүзүп, жарандардын ден соолугу тууралуу отчёт толтурууну милдеттендирген буйрук чыгарды. Мындан тышкары, калкка жеке гигиенага, үй-бүлөдө жеке коргонуу каражаттары менен антисептиктердин болушуна карата суроолор бар анкетаны толтуруу сунушталат. 

 

Фото: gazeta.uz