Борбордук Азия өлкөлөрү COVID-19 илдети менен күрөшүү чараларын күчөтүүдө

Борбордук Азия өлкөлөрү COVID-19 илдети менен күрөшүү чараларын күчөтүүдө

Өзбекстанда теке айында киргизилген карантин баш оона айынын 15не чейин узартылды. Мындай чечимди коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын комиссия кабыл алды. Мындан тышкары, кийим базарлары, азык-түлүк эмес дүкөндөр, спорт залдар, фитнес клубдар, бассейндер, ресторандар, санаторийлер, балдар лагерлери, мейманканалар, пляждар жана башка эс алуу жайлары жабык боюнча калат.

Ошондой эле, коомдук иш-чараларга, үйлөнүү үлпөтүнө жана башка үй-бүлөлүк майрамдарды өткөрүүгө тыюу салынган. Үч адамдан көп санда көчөдө же коомдук жайдарда чогулууга болбойт. 65 жаштан ашкан адамдарга көчөгө чыгууга тыюу салынган.

«Жарандардын чектөөлөрдү, атап айтканда, өзүн-өзү изоляциялоону, коомдук жайлардагы социалдык аралыкты, медициналык бет каптарды, жеке коргонуу каражаттарын жана антисептиктерди колдонуу, ошондой эле, санитардык ченемдерди сактоо коронавирустун таралуусун алдын алат», - деп айтылат республикалык комиссиянын кабарлоосунда.

Расмий маалыматтар боюнча, Өзбекстанда COVID-19 учурларынын жалпы саны 20 миң 531ге жетти, ал эми сакайган адамдардын саны - 10 миң 831. 116 бейтап көз жумду.

Ал эми Кыргызстандын 10 ири каржы институту Саламаттык сактоо министрлигине гуманитардык жардам көрсөттү. Алар алты желдеткич, 100 кычкылтек концентратору жана 1000 пульсоксиметр сатып алып беришкен.

«Мындай колдоо өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын өсүп жаткан шартында өз убагында көрсөтүлдү. Бул медициналык жабдуулар коронавирус инфекциясы жана пневмония менен күрөшүүдө өтө маанилүү. Жабдуулар Семетейге жана башка медициналык уюмдарга өткөрүлүп берилет», - деди Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик катчысы  Калысбек Шадыханов.

Белгилей кетсек, акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 548 адам COVID-19 инфекциясын жуктурган. Эпидемия башталгандан бери жалпысынан 33 миң 844 коронавирус фактысы тастыкталды. 1329 бейтап каза болуп, 22 миң 965 адам айыгып чыкты.

Тажикстанда ата мекендик өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараттарын сыноо аяктады. Республикалык Илимдер академиясынын президенти Фарход Рахиминин айтымында, аларды жасоого алдыңкы тажик физиктери тартылган. Жүргүзүлгөн тесттер шаймандардын натыйжалуулугун көрсөттү. Ишканалар жапырт өндүрүштү башташат. Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы 24 сааттын ичинде COVID-19 илдетинин жаңы 43 учуру катталды. Эпидемия башталгандан бери өлкөдө 7235 адам бул илдетке чалдыкса, 6028 адам айыгып чыкты.

Түркмөнстан бийлиги Курман айтка жапырт чектөө киргизди. Ал вирустун алдын-алууга байланыштуу колдонулуп жатат. Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги жарандарга бет кап тагынууну сунуштаган. Бирок бийлик COVID-19 инфекциясынын бир дагы учуру катталбаганын айтууда.

 

Фото: kloop.kg