COVID-19: БА өлкөлөрү илдет менен кандай күрөшүүдө?

COVID-19: БА өлкөлөрү илдет менен кандай күрөшүүдө?

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа чөлкөмүндө COVID-19 инфекциясы катталбаган жалгыз өлкө - Түркмөнстан. Бул тууралуу Ашхабадда өткөн брифингде Уюмдун Европа аймактык бюросунун миссиясынын башчысы Катрин Смолвуд билдиргенин өлкөнүн ТИМ кабарлайт.

Эске сала кетсек, эл аралык уюмдун 5 серепчисинен турган делегация Түркмөнстанга коронавирустун абалын иликтөө үчүн келишкен. Адистер өлкөнүн бардык аймактарындагы медициналык мекемелерге, коомдук саламаттык сактоо борборлоруна, лабораторияларга барып, дарыгерлер менен жолугушуп, эпидемиологиялык көзөмөл жаатында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар менен таанышышты.

«Түркмөнстанда аткарылган иштер жөнүндө кеңири маалымат жакынкы арадагы баяндамабызда жарыяланат», - деп кабарлады серепчи.

Ал эми Кыргызстанда медициналык кызматтарды жабдуу күчөтүлүүдө. Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптарды ташуу жана тез жардам көрсөтүү үчүн медициналык шаймандар менен жабдылган 13 тез жардам унаасын сатып алды. Унаалар 7 аймакка таратылат. Жалпысынан Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын саны кулжа айынын ортосунан бери кескин өстү. Расмий маалыматтар боюнча, акыркы 24 саатта 521 кишиге СOVID-19 диагнозу коюлган. Бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирусту жуктурган адамдардын саны 12 миң 458 адамга жетти. Өткөн күнү 7 бейтап көз жумган. Ал эми пандемия башталгандан бери кооптуу илдет өлкөдө 167 кишинин өмүрүн алды. Андан тышкары, Кыргызстанда пневмонияга чалдыгуу учуру көбөйүп жатат. Акыркы сутка ичинде пневмониядан 41 бейтап каза болду. Алардын 21 Бишкек шаарында, калгандары аймактарда, деп билдирет республикалык штаб.

Өзбекстанда кайрадан карантиндик чаралар киргизилгенине карабастан коронавирустук инфекциянын деңгээлин төмөндөтүү мүмкүн болбой жатат. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын айтымында, буга байланыштуу Президент селектордук кеңеш өткөрдү. Шавкат Мирзиёевдин айтымында, Өзбекстанда КВИ менен күрөшүү үчүн бардык резервдер жана мүмкүнчүлүктөр бар. Ал жарандарды пандемия шартында жашап, иштеп көнүп кетүүгө чакырды жана бул ар кимдин жеке жоопкерчилиги экенин атап өттү. Теке айынын 16на карата өлкөдө 14 миң 581 коронавирус оорусу катталды. Илдеттен 71 бейтап көз жумду.

Тажикстанда коронавирус медициналык университеттин беш мугалиминин өмүрүн кыйды. Бул тууралуу Дүйшөмбүдө журналисттерге ТММУ ректору Махмадшох Гулзода билдирди. Медициналык мектептин окутуучулары 37 клиникада тажрыйба топтоп, пандемия башталгандан бери 129 педагог дарыгер катары кызмат кылышкан. Бүгүнкү күндө Тажикстандагы COVID-19 бейтаптарынын саны 6695ке жетип, алардын 5000ден ашыгы айыгып, 56 адам көз жумган.

Тажикстан коронавирусту жуктурган адамдардын саны боюнча дүйнөдө 87-орунда турат.

 

Фото: kg.akipress.org