Борбордук Азия өлкөлөрүндө коронавирус жуктуруу учурлары көбөйдү

Борбордук Азия өлкөлөрүндө коронавирус жуктуруу учурлары көбөйдү

Кыргызстанда үчүнчү жума катары менен суткасына 200-500 оорунун жаңы учурлары катталууда. Акыркы 24 саат ичинде 511 адамдан COVID-19 вирусу аныкталды. Өлкөдө катталган коронавирустун жалпы саны 9358 адамды түздү. Республикада инфекция менен күрөшүү үчүн медициналык адистердин жетишсиздиги байкалууда.

Өзбекстанда бир сутка ичинде 159 бейтапка коронавирус диагнозу коюлду. Теке айынын 10-күнү эртең менен өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 11 миң 723 адамды түздү. Бүгүнкү күндөн тарта Өзбекстандын бардык аймактары кызыл зонага киргизилди. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, калктын кыймылына чектөө күчөтүлөт. Баш оона айынын бирине чейин өлкөдө азык-түлүк дүкөндөрү менен дарыканалардын гана иштөөсүнө уруксат берилди.

Тажикстанда коронавирустук инфекциянын 46 учуру катталып, бейтаптардын жалпы саны 6410 адамды түздү. Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнгө чейин жуктуруп алгандардын 79% же 5000ден ашык адам айыгып чыкты. 54 адам көз жумду.

Түркмөнстанда коронавирус инфекциясы жөнүндө расмий маалыматтар жок. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун миссиясы өлкөдө теке айынын алтысынан бери иштеп келе жатат. Адистер тобу жергиликтүү медицина тармагынын COVID-19 менен күрөшүүгө даярдыгына баалоо жүргүзүп, бир катар зарыл иш-чараларды талкуулоого тийиш.

 

Фото: eurasia.expert