Казакстан менен Өзбекстан суу тармагындагы жол картаны бекитти

Казакстан менен Өзбекстан суу тармагындагы жол картаны бекитти

Казакстан менен Өзбекстан бир катар суу маселелерин жөнгө салган документти жактырды. Бул тууралуу Экология, геология жана табигый ресурстар министрлиги билдирди.

«Ташкентке болгон иш сапар учурунда Өзбекстандын суу чарба министри Шавкат Хамраев менен эки өлкөнүн суу кызматташтыгы маселелери боюнча жол картасына кол койдук», - деп жазды Магзум Мырзагалиев Twitter баракчасында.

Экология, геология жана табигый ресурстар министринин айтымында, документ агенттиктер ортосундагы узак жана тынымсыз сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жатишилген.

«Документ абдан маанилүү. Ал суу тармагындагы бир катар маселелерди жөнгө салат. Тактап айтканда, 1991-жылдан бери курулган жана реконструкцияланган суу объекттерин биргелешкен техникалык изилдөө жана мониторинг жүргүзүү; жогорку суу сактагычтардан кошумча суу агызууну камсыз кылуу үчүн биргелешкен чараларды кабыл алууну көздөйт», - деди министр.

Аны менен катар, министр Түркестан облусунда иш сапар менен болду. Анын жүрүшүндө ал Сардоба суу сактагычын калыбына келтирүү, аймактагы каналдын курулушу менен таанышты.

«Аймакта 536 миң гектар сугат жердин аянтын көбөйтүү боюнча интенсивдүү иштер жүргүзүлүп, анын 21 миң гектары калыбына келтирилиши керек. Бул максатта жалпы узундугу 736 км, бардыгы болуп 122 каналды реконструкциялоо жана куруу боюнча ири масштабдагы иштер жүргүзүлүүдө», - деп жазды Магзум Мырзагалиев Twitter баракчасында.

 

Фото: azattyq-ruhy.kz