Абайдын айкели Өзбекстандагы «Шайырлар сейил багына» орнотулду

Абайдын айкели Өзбекстандагы «Шайырлар сейил багына» орнотулду

«Шайырлар сейил багы» Каракалпакстандын Мойнак районунун борборунда курулду. Мында өзбек, казак, түркмөн жана орус элдеринин классикалык акындарынын бюсттары жана алардын мыкты чыгармаларынан үзүндүлөр бар. Аталган сейил бактан Абай Кунанбай уулунун айкелин көрүүгө болот. Ошондой эле, өзбек ойчулу, акын Алишер Навои, каракалпак акыны Бердак, түркмөн адабиятынын классиги, зергер Мактымкулы, улуу орус акыны А. Пушкиндин коло айкелдери орнотулган.

«Шайырлар сейил багы» жаштардын руханий жана маданий таанымын кеңейтүүгө, коңшу элдер акындарынын өмүрү менен чыгармачылыгына делген кызыгуучулугун арттырууга түрткү берет», - деп кабарлайт өзбекстанлык маалымат каражаттары.

Белгилей кетсек, Абайдын дагы бир эстелиги Өзбекстандын борборунда жайгашкан. Бийиктиги 9 метрден ашкан казак ойчулунун айкели 2013-жылы эки өлкөнүн биринчи президенттери Нурсултан Назарбаевдин жана Ислам Каримовдун катышуусу менен ачылган. Эстелик жайгашкан Ташкенттеги Шайхантахур районундагы көчөгө да Абайдын ысымы берилген.

 

Фото: turkystan.kz