COVID-19: Борбордук Азия мамлекеттери дарыгерлердин иштөө тартибин өзгөрттү

COVID-19: Борбордук Азия мамлекеттери дарыгерлердин иштөө тартибин өзгөрттү

Өзбекстан симптомсуз же жеңил формадагы коронавирус жуктурган бейтаптарды ооруканага жаткыруудан баш тартты. Республиканын Саламаттык сактоо министрлиги, өнүккөн өлкөлөрдө дагы, кырдаал анчалык оор болбосо мындай бейтаптарды өз үйүндө калтырып, медициналык көзөмөлгө алынып жатканын жүйө келтирди. Буга чейин Өзбекстан COVID-19 айыгып чыккандарды 14 күндүк реабилитациялоону да токтоткон эле.

Жалпы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга келсек, акыркы бир сутка ичинде 68 адамда коронавирус аныкталды. Алардын көпчүлүгү карантин борборундагы жарандар. Пандемия башталгандан бери Өзбекстанда 5561 COVID-19 учуру тастыкталды. Бүгүнкү күндө 4 миңден ашуун адам айыгып, 19 бейтап көз жумду. Учурда республиканын ооруканаларында бир жарым миңге жакын бейтап дарыланып жатат.

Кыргызстанда дагы саламаттыкты сактоо системасына жүктү азайтуу жана кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн медицина кызматкерлеринин иштөө алгоритми өзгөрдү.

«Жаңы алгоритмге ылайык, COVID-19 вирусу симптомсуз өтүп жаткан бейтаптар үйдө дарылана баштайт. Бирок атайын топ башка адамдарга жугузуу тобокелдигинин алдын алуу үчүн бейтаптарды көзөмөлдөп турат», - деп КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалымдамасында айтылат.

Белгилей кетсек, акыркы жумада Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны көбөйгөн. Бир суткада 90 адамга COVID-19 диагнозу коюлган. Өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 2600 кишиге жакындады.

Ал эми Тажикстанда чын курандын 30-күнүнөн бери жабык турган базарлар, ресторандар, мейманканалар жана сулуулук салондору кайрадан ишин баштады. Негизги талаптар - беткап кийүү, аралыкты жана санитардык ченемдерди так сактоо. Дүйшөмбү шаарынын администрациясынын маалыматы боюнча, шаарда 10 миңге жакын ишкерлер жумушун жандантты. Негизинен республикалык штаб коомдук жайларда медициналык беткаптарды милдеттүү түрдө кийүү эрежесин киргизди. Тартип бузгандарга айып пул салынат. Ошондой эле, мамлекет азырынча чек арасын ачпайт жана өлкө жарандарынын чет өлкөлөрго чыгуусуна тыюу салынат. Акыркы маалыматтар боюнча, Тажикстанда илдетке чалдыккандардын саны 5160 киши. Эпидемиядан 50 адам каза болуп, 3624 бейтап сакайып чыкты.

Түркмөнстан мамлекетинде коронавирус жукканы тууралуу расмий маалымат жок.

 

Фото: upl.uz