COVID-19: Борбордук Азия өлкөлөрү чет мамлекеттерден жарандарын алып келүү ишин улантууда

COVID-19: Борбордук Азия өлкөлөрү чет мамлекеттерден жарандарын алып келүү ишин улантууда

Өзбекстан Орусия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары жана башка өлкөлөрдөн 11000 жаранын мекенине кайтарууну мерчемдеп жатат. Бул максатта өлкөнүн улуттук авиакомпаниясы жакынкы эки жумада 20 чартердик каттамды уюштурат. Анын ичинде ушул жумада Италиянын борбору Римден учак келери күтүлүүдө. Кайтарылган жарандар Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун талаптары жана эрежелерине  ылайык 14 күндүк карантинге алынат.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда 4300дөн ашуун адам коронавируска чалдыккан. Кулжа айынын 7 өлкөдө инфекциянын рекорддук саны катталып, бир күндө 237 бейтапка диагноз коюлду. Бүгүнкү күнгө чейин 3454 өзбекстандык коронавирустан айыгып чыкса,  17си илдеттин курмандыгы болду. Азыркы убакытта республиканын ооруканаларында миңге жакын адам дарыланып жатат.

Кыргызстан да COVID-19 пандемиясынан улам чет өлкөлөрдө калып кеткен өз жарандарын мекенине кайтарууда. Өткөн дем алыш күндөрү Москвадан Бишкекке 402 кыргызстандык жеткирилген. Дипломатиялык миссиянын маалыматы боюнча, элчиликке Кыргызстандын жарандарынан беш миңден ашык арыз түшкөн. Чартердик рейстерди уюштуруу иштери улантылат. Планга ылайык, Орусиядагы бардык кыргызстандыктар кулжа-теке айларында өлкөгө кайтарылат. Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалга келсек, бүгүнкү күндө бир жарым миңге жакын адам вирустун айыгып чыккан. Ал эми илдет жуккан адамдардын саны 2030дан ашты.

Ал эми Тажикстанда коронавирусту көзөмөлдөө боюнча республикалык штаб акырындык менен базарларга, кийим-кечек дүкөндөрү, ресторандар, мейманканалар жана сулуулук салондоруна кулжа айынын 15нен баштап өз ишин калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет. Бирок, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Тажикстанда инфекциянын жайылышы азырынча басаңдай электигин жана экинчи толкуну башталып кетүү коркунучу бар экенин эскертти. Республикалык штаб жарандардан коомдук жайларда медициналык беткапты милдеттүү түрдө кийип жүрүү талабын койду. Тартипти бузгандарга айып пул салынат. Акыркы маалыматтар боюнча, Тажикстанда илдет жуктургандардын саны 4500дөн ашкан. Бул убакыт ичинде 2700гө жакын адам сакайып чыкса, 48 бейтап көз жумду.

Түркмөнстанда COVID-19 жуктуруу боюнча расмий маалымат жок.

 

Фото: adyrna.kz