Борбордук Азия өлкөлөрү кадимки жашоого кайтып келүүдө

Борбордук Азия өлкөлөрү кадимки жашоого кайтып келүүдө

Борбордук Азия өлкөлөрүндө коронавирустун жайылышы күчөп жатканы менен азыркы учурда карантиндик режимден чыгуу чаралары этап-этабы менен жүргүзүлүүдө. Бул токтоп турган экономиканы жандантууга өбөлгө түзөт. Компаниялар оор учурда өндүрүштү баштоонун жолдорун издеп жатышат. Бул максатта өлкөлөрдүн өкмөтү ар тараптуу колдоо көрсөтүүдө. Мисалы, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан өкмөттөрү ишканалар менен бизнести салыктардан бошотуп, ар кандай жеңилдиктерди түзүп жатышат.

Өзбекстан: авто транспортко болгон акциз салыгы жоюлат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ички унаа рыногун өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Юстиция министрлиги кабарлады. Документке ылайык, автоунааларга акциздик салык ушул жылдын баш оона айынан тартып алынып салынат.

Азыркы учурда өлкөдө автоунаалардын импорту үчүн 30% акциздик салык алынат. Орусияда, Казакстанда жана Украинада чыгарылган жаңы автоунааларга акциздик салык 2% өлчөмүндө белгиленген. Өзбекстан менен эркин соода келишимине кол койгон өлкөлөрдүн автоунааларына жеңилдиктер каралган.

Азыр Өзбекстан автоунааларды импорттоо үчүн кошумча нарк салыгын, бажы жана акциздик салыктарды төлөөгө аргасыз.

Жергиликтүү автотранспорт сайттарынын маалыматы боюнча, акциздик салык жоюлгандан кийин Өзбекстанга ташылып келинген автоунаалардын баасы кеминде 2400 долларга арзандайт.

Тажикстан: медиа-омбудсмен институту түзүлдү

Тажикстанда медиа-омбудсмен институту мындан ары окуялардын элдик маалымат каражаттарында ачык-айкын чагылдырылышын, ошондой эле, журналисттик этиканын сакталуусун көзөмөлдөп турат.

Тажикстанда Медиа-Омбудсмен институту Internews Network уюмунун колдоосу менен түзүлдү. Тажикстандын көз карандысыз маалымат каражаттары Улуттук ассоциациясынын төрагасы Нуриддин Каршибоевдин айтымында, учурда медиа-омбудсмендер жергиликтүү алты ЖМКда иш алып барышат. Алар Internews Network менен ЕККУнун атайын дарстарына катышкан журналисттер.

 

Фото: m.uz.sputniknews.ru