COVID-19: Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү абал

COVID-19: Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү абал

Өзбекстан: карантин кулжа айынын 15не чейин узартылды

Өзбекстанда карантиндин мөөнөтү кулжа айынын 15не чейин узартылды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин Telegram каналында жарыяланды.

Негизги чектөөлөрдү сактоо менен атайын республикалык комиссиянын чечимине ылайык, эпидемиологиялык абалы кызыл жана сары деңгээлдеги аймактарда риэлторлордун, унаа мектептери, ошондой эле, мамлекеттик органдарга тамактануу кызматын көрсөткөн ишкерлердин иши кайрадан жанданат.

Кулжа айынын биринен баштап жашыл аймактарда уруксат берилген иш-чаралардын тизмеси кыйла кеңеет. Бул жерде ден-соолукту чыңдоочу жайлар, пансионаттар, балдар лагерлери, мейманканалар, башка эс алуу жайлары, спорт клубдары жана секциялар, фитнес-борборлор жана спорт залдар ишин баштайт.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 3662 адам. Анын ичинен 2837 бейтап инфекциядан айыгып чыкса, 15 илдеттин курмандыгы болду. Ошентип, бүгүнкү күндө 810 бейтап республикалык ооруканаларда медициналык көзөмөлдө жатат.

Кыргызстан: Индиядан Бишкекке 16 кыргыз жараны кайтып келди

Индиядан Бишкекке 16 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Делиден Бишкекке Air India компаниясынын чартердик рейси эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин негизинде аткарылды. Учурда бардык жүргүнчүлөр тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынды.

Ал эми өлкөдө өткөн сутка ичинде коронавирус илдети 69 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 диагнозу коюлган бейтаптардын саны 1817ге жетти. Пандемия башталгандан бери мамлекетте 1181 адам оорудан сакайып чыкты. 16 бейтап каза тапты.

Тажикстан: коронавирус жуктургандардын саны 3900 ашты

Тажикстанда бир суткада 123 адам коронавируска чалдыкты. Ошентип, өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 3930 экени маалым болду. Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 2004 адам коронавирустан айыгып, 47 адам инфекциядан көз жумду.

Бирок Тажикстандагы жарандардын көпчүлүгү расмий статистикага ишенбейт. Алар коронавирусту жуктурган адамдардын саны расмий маалыматтарга караганда көбүрөөк деп эсептешет. Kvtj.info сайтынын маалыматына ылайык, бугу айынын 29 карата өлкөдө COVID-19 вирусунан 360 адам көз жумган. Бул тизме ЖМК, социалдык тармактар ​​жана маркумдун жакындары берген маалыматтын негизинде түзүлгөн. Ал эми расмий бийлик аталган тизмени фейк деп атады.

Саламаттык сактоо министрлигинин кабарлашынча, коронавирус жуктурган 1886 адам ооруканада дарыланууда.

Түркмөнстан: COVID-19 илдетине чалдыккандар жок

Соңку маалыматтар боюнча, Түркмөнстанда коронавирус илдетине чалдыккан бир дагы учур каттала элек.

 

Фото: azattyq.org