COVID-19: Борбордук Азиядагы абал

COVID-19: Борбордук Азиядагы абал

Өзбекстанда илдетке чалдыккандар арасында чет өлкөдөн келгендер көп болууда. Бугу айынын 14 өзбекстандыктарды өлкөгө кайтаруу үчүн чартердик рейс менен келген жүргүнчүлөрдүн инфекцияга алынган тесттин жыйынтыктары жарыяланды. Өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Санкт-Петербург-Ташкент каттамындагы 86 жүргүнчүдө COVID-19 учуру тастыкталды.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, акыркы 14 күндүн ичинде Өзбекстанга 17 чартердик рейс менен 4556 адам кайтып келген.

Акыркы маалыматтар боюнча, Өзбекстанда кооптуу инфекциянын 3396 учуру катталган. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 2668 бейтап айыгып чыкса, 14 адам вирустун курмандыгы болду.

Кыргызстан: бейтап менен байланышта болбогон адамдарда COVID-19 аныкталууда

Кыргызстанда вирусту жуктурган бейтап менен байланышта болбогон адамдарда COVID-19 инфекциясы аныкталууда. Бул тууралуу республикалык штабдын отурумунда Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, жарандар инфекция жуккан адамдар менен түз байланышта болбой, инфекциялардын кайда жана качан жуккандыгын өздөрү билбей медициналык мекемелерге кайрылышкан учурлар бар. Биринчи вице-премьер-министрдин маалыматында, бул илдет очогунун көбөйүүсүн билдирет.

«Санитардык талаптарды, үйдө обочолонууну, карантин режимин жана башка бекитилген стандарттарды так сактоо үчүн бардык коопсуздук чараларын күчөтүү керек. Ар бир адам өзүнүн кайдыгерлиги үчүн жоопко тартыларын эскертебиз. Кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетпеши керек», - деди Боронов.

Ошондой эле, ал жарандар өздөрүнүн коопсуздугу үчүн эл көп чогулган жерлерде жана коомдук транспортто беткап кийип жүрүү керектигин эскертти.

Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 74 адам коронавируска чалдыккан. Жалпы республика боюнча  инфекция жуктургандардын саны 1600гө жакын. 1066 бейтап илдетти жеңип чыккса, 16 ооруга туруштук бере алган эмес.

Тажикстан: медицина кызматкерлери үчүн кыска мөөнөттүү курстар ачылды

Тажикстанда Республикалык медициналык колледжде COVID-19 менен күрөшүү үчүн дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу курстары башталды. Ошентип, бугу айынын 29на чейинки эки күндүк кыска мөөнөттүү окутуу курсунан 106 медицина кызматкери билимин жогорулатып чыгат.

Бугу айынын 28 карата Тажикстанда 3424 коронавирус инфекциясы катталды. Вирустан каза тапкандардын саны - 47, кооптуу илдеттен 1575 бейтап сакайып чыкты.

Түркмөнстан: илдет жуктуруу учурлары жок

Түркмөнстанда азырынча коронавирустун учурлары катталган жок. Бирок сактык чаралары көрүлүүдө. Мисалы, Президент министрлер менен бир имаратта болгонуна карабастан, видео байланыш аркылуу гана жыйналыш өткөрүп жатат деп маалымдайт Түркмөнстан хроникасы басылмасы.

 

Фото: informburo.kz