COVID-19: Борбордук Азияда илдет жуктургандардын саны 17 миңден ашты

COVID-19: Борбордук Азияда илдет жуктургандардын саны 17 миңден ашты

Өзбекстанда COVID-19 инфекциясына тест жүргүзүү масштабы кеңейтет

Өзбекстан COVID-19 инфекциясына тест тапшыруу масштабын кеңейтет. Мындай тапшырманы Президент Шавкат Мирзиёев жергиликтүү бийликтегилерге койду. Мындай чара канча өлкөдө, канча адам коронавирус жуктурганын аныктоо үчүн жана кооптуу оорунун алдын алуу менен таралышын токтотуу үчүн керек. Мындан тышкары, илдет менен күрөшүү боюнча атайын республикалык комиссия Өзбекстандагы инфекциялык кооптуулук деңгээлин кайра карап, зарыл болгон учурда айрым аймактарда карантиндик чараларды күчөтүшү керек.

Соңку маалыматтар боюнча, Өзбекстанда кооптуу инфекциянын 3300 ашык учуру катталган. Бүгүнкү күндө ооруканада 644 адам дарыланууда.

Кыргызстан: 300дөн ашык медицина кызматкери илдетти жуктуруп алган

Коңшу Кыргызстанда коронавирусту жуктурган ар бир бешинчи адам медицина кызматкери. Бүгүнкү күндө 300дөн ашык ак халатчандар инфекцияга чалдыккан. Адистер муну өлкөдөгү жеке коргонуу каражаттарынын жетишпестиги менен байланыштырат. Жалпысынан, бүгүнкү күндө өлкөдө 1500дөн ашык COVID-19 учуру аныкталган.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу иштери уланууда.

Тажикстан: 3 миңден ашык адамдан COVID-19 учуру аныкталды

Тажикстанда дагы 166 адам илдетке чалдыкты. Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирусту жуктурган адамдардын саны 3200дөн ашты. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 47 бейтап вирустун курмандыгы болду. Аны менен катар, илдеттен сакайып чыккандардын саны дагы өсүүдө. Бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 1,5 миңге жакын. Белгилей кетсек, акыркы бир суткада инфекциядан 436 бейтап айыкты.

Түркмөнстанда кооптуу илдет каттала элек

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Түркмөнстанда илдет каттала элек. ДССУнун сунуштарына карабастан, бул өлкөнүн өкмөтү расмий түрдө карантин жарыялаган жок. Бардык мекемелер адаттагыдай эле жумушун улантууда. А түгүл, университеттер менен мектептер аралыктан окууга өткөн жок.

 

Фото: 5.ua​