COVID-19: Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү абал

COVID-19: Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү абал

Кытайлык дарыгерлер коронавирус менен күрөшүү үчүн Тажикстанга келишти. Алар Дүйшөмбүгө атайын чартердик рейс менен жеткирилген. Топтун курамында Кытайдын Шэньси провинциясынын 14 вирусологу бар. Алар менен бирге жалпы суммасы 700 миң долларлык 15 жасалма дем алдыруучу аппараттар, дары-дармектер жана коргоочу каражаттар да алып келинди.  Акыркы маалыматтар боюнча, Тажикстанда 3100 адамга COVID-19 илдети жуккан. Дарыгерлер 46 бейтаптын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Өлкө менен чектешкен Кыргызстанда коронавирустун  1468 учуру катталды. Бүгүнкү күнгө чейин 1015 бейтап айыгып, 16 адам көз жумду. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, Кыргызстандын окуу жайлары кабыл алуу экзамендерин аралыктан өткөрөт. Абитуриенттерди кабыл алуу теке айынын 20да башталат. Бул үчүн Билим берүү жана илим министрлиги бүтүрүүчүлөргө документтерди электрондук түрдө тапшырууга мүмкүндүк берген атайын программа иштеп чыкты. Мындан тышкары, коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу министрлик быйыл 9-11-класстардын окуучулары үчүн жыйынтыктоочу  экзамен тапшырууну жокко чыгарды.

Ал эми Өзбекстанда вирустан сакайып чыккандардын саны өсүүдө. Бүгүнкү күндө, илдеттен айыгып чыккандардын саны 2600дөн ашты. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Өзбекстанда бир сутка ичинде инфекция 46 адамдан аныкталган. Вирусту жуктургандардын 44 чет элден келген жарандар. Учурда республикалык ооруканаларда 641 бейтап медициналык көзөмөлдө, 2 адам оор абалда, дагы бир бейтаптын ден-соолугу өтө начар. Жалпысынан Өзбекстанда COVID-19 диагнозу коюлган бейтаптардын саны 3260 адамдан ашты. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 13 адам көз жумду.

Акыркы маалыматтар боюнча, Түркмөнстанда азырынча коронавирус катталгандыгы боюнча расмий маалымат жок.

 

Фото: tengrinews.kz