Борбордук Азия: Түркмөнстанда акыркы коңгуроо салтанаты өтпөйт

Борбордук Азия: Түркмөнстанда акыркы коңгуроо салтанаты өтпөйт

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Түркмөнстанда COVID-19 расмий түрдө каттала элек.

Кыргызстанда 8 баладан коронавирус илдети аныкталды

Бишкекте балдар онкология бөлүмүндө 8 өспүрүмдөн коронавирус илдети аныкталды. Аны менен катар, ооруга чалдыккандардын арасында 3 ата-эне, 1 дарыгер жана 2 медайым бар. Учурда бөлүм карантинге жабылды. Ал эми илдетти жуктуруп алгандарды медайымдар менен дарыгерлер күнү-түнү көзөмөлдөп жатышат.

«Улуттук борбордо жалпысынан 120 адам текшерүүдөн өттү. Натыйжада, 14 адамдан COVID-19 тастыкталды. Азыркы учурда ал жерде эпидемияга каршы бардык иш-аракеттер көрүлүп жатат. Вирус аныкталган балдар атайын борбордогу бөлүмгө жайгаштырылды. Анткени аларды башка ооруканага которуу мүмкүн эмес», - дейт Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Жалпысынан республикада 1350 адамдан коронавирус аныкталып, 949 бейтап айыгып чыкты.

Түркия Өзбекстанга гуманитардык жардам жиберди

Түркия Өзбекстанга 50 өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратын жиберди. Бул тууралуу Фергана агенттиги кабарлады.

«Жасалма дем алдыруу аппараттарынын эквиваленти Түркиядагы 4 ири компаниянын жардамы менен иштелип чыкты. Алгачкы 100 вентилятор Стамбулдун Басакшехир районундагы шаардык ооруканага жөнөтүлдү», - деди Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы, профессор Селами Кылыч.

Маалыматка ылайык, Өзбекстанда илдеттен сакайып чыккандардын катары калыңдоодо. Бүгүнкү күндө инфекцияны жеңип чыккандардын саны 2407ге жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бир суткада Өзбекстанда 39 адамга коронавирус диагнозу коюлган. Ооруга чалдыккандардын 6 чет өлкөдөн келгендер.

Учурда республикалык ооруканаларда 586 бейтап медициналык көзөмөлдө, 4 адам оор абалда. Жалпысынан Өзбекстанда COVID-19 диагнозу коюлган бейтаптардын саны 3006ны түзөт. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 13 бейтап каза тапты.

Тажикстанда COVID-19  илдети күн сайын көбөйүүдө

Тажикстанда илдетке чалдыккандардын саны өсүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин алардын саны 2350гө жетти. Бул тууралуу республиканын Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлиги кабарлады. Акыркы маалыматтар боюнча, соңку бир сутка ичинде өлкөдө 210 бейтаптан коронавирус аныкталган. Тажикстанда чын куран айынын 30да жайылып кеткен оорудан 1008 адам сакайып чыкса, 44 адам көз жумду.

Түркмөнстанда акыркы коңгуроо салтанаты өтпөйт

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Түркмөнстанда COVID-19 расмий түрдө каттала элек. Бирок бүтүрүүчүлөрдүн урматына акыркы коңгуроо салтанаты Ашхабаддагы мектептерде өткөрүлбөйт. Мындай чечим бугу айынын шаардык билим берүү башкармалыгынын отурумунда кабыл алынды. Өз кезегинде түркмөн бийлиги пандемия учурунда кабыл алынган чечимди түшүндүргөн жок. Расмий бийлик өлкөдө коронавирустун бир дагы учуру каттала электигин билдирүүдө.

Ал арада мамлекеттик кызматкерлер клиникаларда милдеттүү текшерүүдөн өтүп жатканы кабарланды. Жалпысынан өкмөт чын куран айынан бери массалык текшерүү жараяны жүрүп келгенин айтууда. Деген менен текшерүүнүн жыйынтыгы жарыялана элек.

 

Фото: ozodi.org