COVID-19: Борбордук Азияда абал кандай?

COVID-19: Борбордук Азияда абал кандай?

Тажикстанда бир дагы өспүрүм коронавируска чалдыккан жок. Бул тууралуу республиканын Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлиги кабарлады.

«1 жаштан 10 жашка чейинки балдардын арасында коронавирустун учурлары катталган жок. Ал эми 10 жаштан 20 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында бир гана учур аныкталды. Бүгүнкү күндө анын ден-соолугунда коркунуч жок», - дейт өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Эмомали Мирзо.

Жалпысынан Тажикстанда 2140 адам COVID-19 илдетине чалдыккан. Инфекциядан сакайып чыккандардын саны - 641. Дарыгерлер 41 адамдын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Ал эми Өзбекстанда вирустан айыккандардын саны өсүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө 2372 адам ооруканадан чыгарылды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бир суткада Өзбекстанда 84 адамга коронавирус диагнозу коюлган. Илдетке кабылгандардын 44 чет өлкөдөн келгендер болсо, 40 карантинде жаткан адамдар.

Учурда республикалык ооруканаларда 565 бейтап медициналык көзөмөлдө, 5 адам оор абалда. Жалпысынан, Өзбекстанда COVID-19 диагнозу коюлган бейтаптардын саны 3000 жакын. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 13 бейтап көз жумду.

Кыргызстанда болсо бир суткада 43 адамдан коронавирус аныкталды. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, инфекция жуккан адамдардын арасында 4 медициналык кызматкер бар.

Пандемия жарыялангандан бери Кыргызстанда 1313 адам инфекция жуктуруп алган. Айыгып чыккандардын саны - 929 адам. Ал эми 14 бейтап көз жумду.

Ал эми Түркмөнстанда  коронавирус расмий каттала элек.

 

Фото: eadaily.com