COVID-19: Борбордук Азиядагы абал

COVID-19: Борбордук Азиядагы абал

Кыргызстанда өзүнчө обочолонуу деңгээли төмөн. Муну Яндекс изилдөө - индексинин маалыматтары тастыктайт. Компания өзүн-өзү изоляциялоо коронавирустук эпидемияга каршы күрөшүүдөгү негизги чаралардын бири экендигин эскертет.

Өзүн-өзү изоляциялоо деңгээлин эсептөө үчүн шаардык иш-аракеттердин учурдагы деңгээли жана эпидемияга чейинки күн менен салыштырылган.

«Эгерде кадимки жумушчу күнүндө чектөө чегиндегидей кыймыл болсо анда обочолонуу деңгээли төмөн. Эгер шаар түндөгүдөй тынч болсо, анда бул 5 балл. Балл канчалык жогору болсо, вирустун таралышы ошончолук төмөн болот», - деп айтылат маалыматта.  

Бүгүнкү күндө борбор калаа Бишкекте обочолонуу деңгээли 2 баллды түзөт. Башкача айтканда, көчөдө жүргөн адамдардын саны көп.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 1216 адам коронавируска чалдыккан. Анын ичинен 827 сакайып чыкса, 14 адам каза тапты.

Ал эми Өзбекстанда коронавирустан айыккан адамдардын саны өсүүдө. Коронавирус өлкөдө 2762 адамда аныкталды. Бирок 2254 бейтап ооруну жеңип чыгышты. Азыр өлкөдө карантиндик талаптар кыйла жеңилдетилди. Мисалы, Өзбекстандын UzAirways авиакомпаниясы бүгүнтөн тарта ички каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташый баштайт жана коронавирустук инфекциясы жөнүндө күбөлүгү бар жарандарга гана уруксат берилет. Жүргүнчүлөр учуу убактысына чейин 120 саат ичинде санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда коронавирус тестинен өтүүгө үлгүрүшү керек. Аэропортто жана учакка киргенде жүргүнчүлөр коргоочу беткап жана колкап кийип, борттогу аралыкты сакташы зарыл.

«Өзбек темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, поезд жүргүнчүлөрүнө дагы ушундай талаптар коюлган. Бүгүнтөн баштап өлкөнүн темир жолдору калыбына келтирилди.

Белгилей кетсек, Өзбекстандагы коронавирустун айынан башка мамлекеттер менен транспорт каттамы жалган куран айынын 16да, өлкө ичинде жалган куран айынын 27де токтотулган эле.

Ал эми Тажикстан COVID-19 курмандыктарынын саны боюнча Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн арасында биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу "Фергана" агенттиги жазды. Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө 1500дөн ашуун адам коронавируска чалдыккан. Алардын 39сы көз жумду. Дагы 4 миң 200 адам медициналык көзөмөлдө. Эпидемиядан 500гө жакын адам сакайды.

Акыркы маалыматтар боюнча, Түркмөнстан коронавирус илдетинен азырынча оолак. Жергиликтүү бийлик кабарлагандай, өлкөдө COVID-19 учурлары катталган жок.

 

Фото: gazeta.uz