COVID-19: Борбордук Азия өлкөлөрүндө илдетке чалдыккандардын саны өсүүдө

COVID-19: Борбордук Азия өлкөлөрүндө илдетке чалдыккандардын саны өсүүдө

Кыргызстан Беларустан 150 миң ПЦР-тестин сатып алууну мерчемдөөдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, калктын лабораториялык текшерүүсүнүн кеңейишине байланыштуу тесттерди сатып алуу улантылат. Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 1082 коронавирус инфекциясы аныкталган. Анын ичинен 735 адам илдеттен айыгып чыкса, 12 адам көз жумган.

Өзбекстанда коронавирус курмандыктарынын 11 учуру катталды. Өлкөдө инфекцияны 2620 адам жуктуруп алган. Бирок илдеттен айыгуу боюнча статистика бул жерде оң мааниге ээ: Коңшу мамлекеттин 2076 жараны өлүмгө дуушар кылган инфекцияны жеңип чыккан.

Деген менен өзбек бийлиги коронавирус инфекциясынын экинчи толкунунан кооптонууда. Буга байланыштуу алар карантинден кийин чет өлкөлүктөрдүн кирүү тартибин өзгөртүү ниетинде. Коронавирустун жоктугун тастыктаган документ болсо, коңшу мамлекет виза берүү тутумун киргизиши мүмкүн.

Тажикстандагы COVID-19 өлүмүнүн статистикасы күн санап өсүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча, 23 бейтап көз жумду. Бүгүнкү күндө вирус жуктургандардын саны 801 адамга жетти. Учурда дарыгерлер калкты жигердүү текшерүүдөн өткөрүп жатышат. Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө 44 миң тест системасынын кору бар экендигин билдирди. Маалым болгондой, буга чейин 7 700 жаран текшерүүдөн өткөн.

Ал эми Түркмөнстан өкмөтүнүн берген маалыматына ылайык, өлкөдө COVID-19 учурлары аныкталган жок.

 

Фото: 24.kg