COVID-19: Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү кырдаал

COVID-19: Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү кырдаал

Кыргызстанда бир суткада 21 адамдан COVID-19 диагнозу аныкталды. Жалпысынан ушул сааттарга карата өлкөдө 1037 адам оору жуктурган. Өлкөдө биринчи коронавирус катталгандан бери 709 адам айыгып чыкты. 12 бейтап каза тапты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын ири шаарларында жана райондорунда өзгөчө абал режими жана коменданттык саат бугу айынын 10да аяктады. Бирок аталган региондордо карантин талаптары сакталууда. Санитардык-карантиндик пункттар өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал турукташмайынча алынбайт. Бир аймактан экинчисине кирүүгө жол берилбейт. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, эгерде коронавирус көп жайыла турган болсо, өзгөчө абал кайрадан жарыяланышы мүмкүн.

Ал эми Өзбекстанда акыркы сутка ичинде 4 адамдан коронавирус аныкталды. Бүгүнкү күнгө чейин COVID-19 өлкөдө 2486 адамда тастыкталды. Пандемия башталгандан бери республикада коронавирустан 10 адам көз жумду. 1988 адам оорудан айыгып чыкты.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы 24 саатта алты адам COVID-19дан көз жумду. Бул чын куран айынын 30дагы өлкөдө расмий коронавирустук инфекциянын алгачкы учурлары аныкталгандан берки эң жогорку көрсөткүч.

Эки жумага жетпеген убакытта Тажикстанда эпидемиядан 20 адам көз жумду. Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө 612 кишиге коронавирус инфекциясы диагнозу коюлган.

Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Түркмөнстанда ооруну жуктуруунун бир дагы учуру аныктала элек.

 

Фото: ria.ru