COVID-19: Борбордук Азия өлкөлөрүндө карантин режими жеңилдетиле баштады

COVID-19: Борбордук Азия өлкөлөрүндө карантин режими жеңилдетиле баштады

COVID-19 вирусу басаңдай элек. Илдетти жуктургандардын саны күндөн-күнгө өсүүдө. Өзүн-өзү обочолоо режими пандемия аяктаганга чейин узартылышы мүмкүн. Бирок мындай чечим көптөгөн өлкөлөр үчүн чоң экономикалык каатчылыкка алып келиши ыктымал. Буга байланыштуу бир катар өлкөлөр карантин режимин жеңилдетүү боюнча чараларды көрүп жатышат. Мындай тажрыйба өлкөнүн жетекчилиги тарабынан кабыл алынып, бара-бара миңдеген казакстандыктар кайрадан иштерине кайтууда.

«Казакстанда коронавирустук инфекциянын эпидемиологиялык абалы турукташа баштаганы байкалууда. Бүгүнкү күндө эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, акырындык менен карантиндик чараларды жеңилдетип, акырындык менен кадимки жашоого кайтуу керек», - дейт өлкөнүн башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова.

Өзбекстан да карантин режимин жеңилдетүү тууралуу чечим кабыл алды. Өлкөдө кечээтен бери миграция жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти ишке киришти. Мындан тышкары, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын каттоо-экспертиза бөлүмдөрү жана административдик практика бөлүмдөрү, ошондой эле, Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын диагностикалык станциялары иштей баштады.

Белгилей кетсек, коңшу өлкөдө COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны 2189 адамга жетти. Инфекциядан 1405 бейтап айыгып, 10 адам көз жумду.

Кыргызстанда инфекцияга чалдыккандардын саны 843кө жетип, анын 600 айыкты, 11 адам вирустун курмандыгы болду.

Бишкек шаарында 1 миллиондон ашык адам жашайт жана калк жыш отурукташкан. Ушундан улам, коронавирустук инфекциянын жайылуу коркунучу жогору бойдон калууда. Эгерде бугу айынын 11нен тарта борбор калаада өзгөчө кырдаал жоюлса, анда шаардык администрация айрым чектөө чараларын киргизүүнү карайт. Мындан тышкары, унаалардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылын чектөө үчүн ички санитардык өткөрүү пункттары түзүлүшү мүмкүн.

Тажикстанда карантин чараларын жеңилдетүү тууралуу айтуу азырынча эрте. Себеби, COVID-19 вирусу жаңы эле аныкталып, көбөйүп баратат. Бүгүнкү күндө өлкөдө 230 адам коронавирус жуктуруп, үчөө көз жумду.

Борбордук Азиядагы коронавирус илдети аныктала элек жалгыз өлкө - Түркмөнстан Республикасы болууда. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Түркмөнстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Паулина Карвовскаянын айтымында, республика өз аймагынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өтө маанилүү чараларды кабыл алды жана ага өтө жоопкерчилик менен кароодо.

Учурда өлкөдө Жеңиш күнүнө карата даярдык кызуу жүрүп жатат. Алар аны аскердик парад жана майрамдык салют менен белгилешет.

 

Фото: tengrinews.kz​