COVID-19: Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү абал

COVID-19: Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү абал

Кыргызстанда кээ бир ишканалар жумушун жандандырышы мүмкүн. Бишкекте карантин режими чын куран айынын 30нан кийин узартылбаса курулуш объекттери, кызмат көрсөтүү станциялары, вулканизация жана такси кызматы ишке кошулат. Айта кетсек, учурда өлкөдө COVID-19ду жуктургандардын саны 656га жетти. Акыркы бир суткада коронавирус инфекциясынын 25 учуру катталган. Айыккандардын саны да өсүүдө. Бүгүнкү күндө 322 бейтап ооруканалардан чыгарылды. 8 адам курман болду.

Өзбекстанда да абал көңүл жылытаарлык эмес. Мында кооптуу илдетке чалдыккандардын саны Кыргызстанга караганда 3 эсеге көп. Соңку маалыматтарга ылайык, 1778 адам коронавирус инфекциясын жуктуруп алган. Анын  ичинен 598 айыккан.

Аны менен бирге, өлкө бийлиги коронавирустун экономикага тийгизген кесепеттерин эсептөөдө. Азыркы учурда Өзбекстан эл аралык каржы институттарынан 3,1 миллиард акча тартууну караштырып жатат. Өкмөт 375 миллион доллар көлөмүндөгү кошумча каражатты эл аралык валюта фондунан тартууга ниеттенүүдө.

Расмий маалыматтарга ылайык, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен COVID-19 бир гана Тажикстан менен Түркмөнстанда катталган жок. Sputnik маалымат агенттигинин кабарлашынча, келерки аптада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму серепчилеринин миссиясы өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу мамлекеттер сунуштаган маалыматтын тууралыгын текшерүү максатында аталган республикаларга барышат. Андан кийин брифинг өткөрүп, ДССУнун серепчилери бүткүл регион боюнча эсеп санын берет.

 

Фото: ia-centr.ru