COVID-19: Борбордук Азия өлкөлөрүндө айыгып чыккандардын саны көбөйүүдө

COVID-19: Борбордук Азия өлкөлөрүндө айыгып чыккандардын саны көбөйүүдө

Кыргызстанда коронавирустан бир суткада 38 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ошентип, республикада 254 адам ооруну жеңди. 7 адам курман болду. Аны менен катар, бир суткада дагы 22 адамда COVID-19 диагнозу аныкталды. Өлкөнүн башкы санитардык дарыгеринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин кабарлашынча, бир суткада 10 медицина кызматкеринде коронавирус учуру аныкталган. Жалпысынан Кыргызстанда ушул сааттарга карата 612 адам инфекция жуктурган. Анын 157си ак халатчандар.

Өзбекстанда да бир суткада вирусту жуктургандарга караганда айыгып чыккандардын саны көп болду. Ошентип, кечээ 51 адам инфекцияга чалдыкса, коронавирустан айыккандардын саны 96га жеткен. Жалпысынан өлкөдө 357 бейтап ооруну жеңди. Бүгүнкү күндө Өзбекстанда 1692 адамда COVID-19 диагнозу аныкталган. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 6 адам аталган илдеттен курман болду.  

Ал эми Тажикстанда прокуратуранын «пневмониядан» көз жумган кызматкеринин үй-бүлөсү карантинге алынды. Жаш прокурордун жерге берүү зыйнатына көп адамды катыштырбоосу элди тынчсыздандырып жатат. Тургундар өлкөдө коронавирус оорусу тарап кетиши мүмкүн деп чочулоодо. Ошондой эле, маркумдун жакында чет элден келген бир тууганынын абалы оор. Расмий мекемелер бул маалыматты ырастаган да, жокко чыгарган да жок. Деген менен Тажикстан бийлиги өлкөдө коронавирус катталган жок деп ырастоодо.

Ал эми Борбордук Азия өлкөлөрү арасындагы Түркмөнстанда COVID-19 диагнозу аныкталган бир дагы учур катталган жок.  

 

Фото: kp.kz