COVID-19: Борбордук Азиядагы абал

COVID-19: Борбордук Азиядагы абал

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 590 адамга жетти. Анын ичинен 216 адам айыгып чыкты, 7 адам курман болду. Чын курандын 20да Кыргызстанга коронавирус илдети менен күрөшүүгө көмөктөшүү жана тажрыйбалары менен бөлүшүү максатында кытайлык дарыгерлер келди. Ал эми буга чейин келген Польша адистери азыр Бишкектеги республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында иштеп жатышат. Алар чын курандын 27нен кийин Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ооруканаларга барып, жергиликтүү мелициналык кызматкерлерге көмөктөшөт деп кабарлайт өлкөнүн саламаттык сактоо министрлиги.

Өзбекстанда COVID-19ду жуктурган 1627 адам катталды. Акыркы суткада илдетти жуктурган 62 адам аныкталган. 261 адам оорудан айыгып чыкса, 5 адам көз жумду. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев коронавирус катталбаган аймактарда карантиндик чектөөлөрдү жеңилдетүүнү тапшырды. Ошондой эле, курулуш иштерин улантууга уруксат берилди. Жумушун жандандырган ишканаларда санитардык-гигиеналык эрежелер катуу сакталат.    

Ал эми Тажикстанда чын куран айында 3 адам пневманиядан көз жумду. Алар менен байланышта болгон адамдар карантинге алынды. Өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигинин кабарлашынча, республикада карантинге жаткырылган жарандардан коронавирус инфекциясы аныкталган жок.  «Акыркы учурлары аба ырайынын туруксуздугунан адамдардын ден соолугу начарлап, дем алуу оорулар менен анын ичинде пневмания менен ооругандардын саны көбөйгөн», - деп айтылат маалыматта.

Түркмөнстанда COVID-19 диагнозу коюлган бир дагы учур катталган жок.

 

Фото: elgezit.kg