COVID-19: Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү абал

COVID-19: Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү абал

Казакстан Борбордук Азия өлкөлөрүндө аныкталган коронавируска байланышкан кырдаал боюнча алдыда болууда. Бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирус инфекциясынын 1735 учуру катталган.

Ал эми Өзбекстанда 1565  адамга COVID-19 диагнозу коюлган. Айта кетсек, аталган өлкөнүн бийлиги карантин режиминин узартыла турганын кабарлады.

«Атайын республикалык комиссиянын 2020-жылдын чын куран айынын 20на чейин киргизилген чектөө чаралары, ошондой эле, коронавирустук инфекциянын таралышына каршы иш-аракеттердин жакшыртылган тартиби 2020-жылдын бугу айынын 10на чейин узартылат», - деп айтылат расмий маалыматта.

Серепчилер коронавирус учуру салыштырмалуу аз катталган өлкөдө жарандардын обочолонуу режимин бекем сактоо менен байланыштырат. Бир нече маалымат булактарында өзүн-өзү обочолоонун эң жогорку көрсөткүчү Ташкентте байкалганы тууралуу кабарлаган.

Ошондой эле, өлкө жетекчилиги да натыйжалу чараларды колдонууда. Ошентип, Өзбекстандагы коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык комиссиянын жаңы талаптарына ылайык, такси кызматынын айдоочулары мындан ары баш кийим, медициналык кол каптар менен беткаптарды кийип жүрүүсү керек.

Кыргызстанда 568 адамда COVID-19 оорусу аныкталган. Бүгүнкү күндө алардын жарымы ооруну жеңип чыкты. Ооруканадан чыгарылгандардын саны 201ге жетти. Өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары  Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, Кыргызстанда коронавирустун жогорку чеги чын куран айынын 20-24 аралыгында болот деп күтүлүүдө. Ошондой эле, ал министрликте окумуштуулар менен алдыңкы адистерден турган атайын топ түзүлгөнүн кошумчалады.

«Алар бүткүл дүйнөдө жана Кыргызстанда коронавирус эпидемиясынын көрсөткүчтөрүн ар дайым көзөмөлдөп турат», - деди Нурболот Үсөнбаев.

Ал жарандарга обочолонуу жана карантиндик чараларды бекем сактоо оорунун таралышын токтотууга көмөктөшүп жатканын эске салды.

Тажикстан менен Түркмөнстан өлкөлөрүндө коронавирус инфекциясы аныкталды деген расмий маалымат жок. Бул мамлекеттердин жетекчилиги дүйнөдө күч алган илдеттин алдын алып, таратпоо үчүн бардык сактык чаралары колго алынганын айтууда.

 

Фото: rus.ozodi.org​