Борбордук Азиядагы абал: Өзбекстанда COVID-19ду жуктургандардын саны кескин көбөйдү

Борбордук Азиядагы абал: Өзбекстанда COVID-19ду жуктургандардын саны кескин көбөйдү

Дүйнөдө күч алган коронавирус инфекциясы Борборлук Азия өлкөлөрүндө да таралууда. Өзбекстанда COVID-19ду жуктургандардын саны кескин көбөйдү. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, коронавирус инфекциясы 1302 адамдан аныкталды. Бир сутка ичинде  COVID-19ду дагы 167 адам жуктурганы белгилүү болду. Ошондой эле, 107 адам илдеттен айыгып чыкты, 4 бейтап көз жумду. Коронавирус менен күрөшүүгө 74,6 миллион доллар багытталган деп кабарлайт Республиканын каржы министрлиги.  

Кыргызстанда 466 адам кооптуу илдетти жуктурган болсо, анын ичинен 91 адам айыгып чыкты. 5 адам көз жумду.

Белгилеп кетчү нерсе, эпидемиянын өлкөдө таралышын болтурбоо максатында  медициналык кызматкерлер тартылат деп маалымдады Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.

Ал эми Түркмөнстан менен Тажикстанда COVID-19ду жуктуруу учурулары тууралуу расмий маалымат жок.

 

Фото: m.day.kyiv.ua