Казакстан коңшу мамлекеттерге гуманитардык жардам жиберди

Казакстан коңшу мамлекеттерге гуманитардык жардам жиберди

Казакстан коңшу өлкөлөргө гуманитардык көмөк көрсөтүүдө. Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин буйругу менен Кыргызстан жана Тажикстанга жалпы наркы 3 миллиондон ашык долларды түзгөн 5 миң тонна ун жиберилет.

«Чечим элди азык-түлүк менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында кыргыз жана тажик тараптарынын расмий өтүнүчтөрүнө байланыштуу кабыл алынды», деп айтылат Тышкы иштер министрлигин маалыматында.  

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон тажик элине ушундай кыйын кырдаалда колдоо билдирип, гуманитардык көмөк көрсөткөнү үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле, Тажикстан жарандарын мекенине жеткирүүгө  жана Казакстан аймагы аркылуу жүктөрдү ташууга көмөктөшкөнү үчүн ыраазы экендигин айтты.  

Аны менен катар, кыргыз тарап да Казакстанга гуманитардык жардам көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алганы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

«Жақын арада аталган жүктөр Кыргызстан менен Тажикстанга жеткирилет», деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, жалпысынан гуманитардык көмөк көрсөтүү - Казакстандын Тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири. Өткөн жылдары Казакстан Антигуа менен Барбуда, Ооганстан, Бангладеш, Молодава, Монголия, Мьянма, Пакистан, Сербия, Сирия, Түркия, Жапония жана башка да мамлекеттерге ар түрдүү жардам жиберген.

 

Фото: aa.com.tr