COVID-19: Борбордук Азиядагы абал

COVID-19: Борбордук Азиядагы абал

Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны миңге жакындады. Бул тууралуу республиканын саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Бир сутка ичинде өлкөдө 130дан ашык жарандан коронавирус инфекциясы аныкталган. Алардын ичинен 85 адам айыгып чыкты. Өзбекстан бийлиги чын курандын 1нен баштап Ташкентте жана башка айматтарда өзүн-өзү обочолоо режимин киргизген. Жашы 65тен ашкан жарандарга үйлөрүнөн чыгууга тыюу салынган. Учурда 90 миң адам карантинге жайгаштырылган.

Ал эми Кыргызстанда коронавирус жуктурган ар бир алтынчы адам айыгып чыгууда деп кабарлайт республиканын саламаттыкты сактоо министрлиги. 71 адам илдеттен айыгып, үйлөрүнө жиберилген. Акыркы маалыматтарга ылайык, республикада инфекция жуктургандардын катары 430га жетти. Вирус дагы 11 адамдан аныкталган. Ар бир үчүнчү бейтаптын жашы 35ке жетпеген, анын 40ка жакыны балдар, 157 адамдын жаш-курагы 35-55тин аралыгында. Өлкө аймагында коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими, кээ бир ири шаарларга коменданттык саат киргизилген.

Тажикстан менен Түркмөнстанда коронавирус жуктуруу тууралуу расмий маалымат жок.

 

Фото: gazeta.ru