Борбор Азия өлкөлөрү коронавирус илдети менен күрөшүүдө

Борбор Азия өлкөлөрү коронавирус илдети менен күрөшүүдө

Кыргызстандын президенти коронавируска каршы күрөшүү үчүн Ислам өнүктүрүү банкынан жардам сурады. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбековдун Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандар Хаджар менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө белгилүү болду деп кабарлайт мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.

Буга чейин Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 20 миллион доллар каражат бөлсө, Дүйнөлүк банк 12,15 миллион доллар, Эл аралык валюта фонду 120,9 миллион доллар көлөмүндө грант берүү боюнча чечим чыгарган.

Айта кетсек, соңку маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктургандардын саны 280ге жетти. 4 адам курман болду.  

Аны менен катар, коронавирустун бир дагы учуру каттала элек Тажикстанга Дүйнөлүк банк илдет менен күрөшүү үчүн 11 миллион доллар бөлмөкчү.

«Бул каржы негизинде медициналык жабдыктар, атайын кийимдер жана керектүү буюмдар сатып алууга жумшалат. Учурда өлкөдө өпкөнү жасалма жол менен дем алдырган 500дөй аппарат бар. Кошумча дагы 100 аппарат сатылып алынат. Бир ай мурун мындай аппарат 10 миң доллар турса, азыр анын баасы 100 миң долларга чейин көтөрүлүп кетти», - дейт Саламаттыкты сактоо министри.

Аны менен бирге Дүйнөлүк банк бөлгөн каражаттын 3 миллион доллары шарты начар үй-бүлөлөрдү азык-түлүк менен камсыз кылууга жумшалат.

Буга чейин АКШ өкмөтү Тажикстанга 866 миң доллар бөлгөн. Мындан тышкары Германия 1 миллион евро, Азия өнүктүрүү банкы 100 миң доллар берсе, Орусия 20 миң тест-системасын, ЮНИСЕФ коргонуу каражаттарын жибергенин да айта кетүү керек.

Ал эми Өзбекстан эли жабыла көтөргөн жүк жеңил деп, инфекция менен күрөшүүгө арналган каатчылыкка каршы фондуна 5,2 миллион доллар чогултту. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев видео-селектордук жыйындын жүрүшүндө маалымдады деп кабарлайт Фергана.

Мирзиёевтин айтымында, бул факт тургундардын COVID-19 таралуу коркунучу менен күрөшүүгө даяр экендигин көрсөтөт.  

Жалпысынан президент республика жарандарынын керектүү сактык чараларын бузбай аткарып жаткандарына ыраазычылыгын билдирди.

«Эң башкысы, биздин элибиздин басымдуу бөлүгү абалды жеңил түрдө баалайт, аралыктан иштейт, дарыгерлердин сунуштары менен карантин талаптарын бекем сактап, башка адамдарга да үлгү көрсөтүүдө. Биздин окуучуларыбыз менен студенттерибиз онлайн сабактар аркылуу билим алууда», - деди Өзбекстан башчысы.

Мирзиёев чарбалар менен фермерлер айыл чарбачылык иштерин баштаганын да атап өттү.

Айта кетсек, бүгүнкү күндө Өзбекстанда 546 адамда COVID-19 илдети аныкталган. Анын ичинен 30 адам оорудан айыгып чыкты.

 

Фото: ria.ru