COVID-19: Борбордук Азиядагы кырдаал

COVID-19: Борбордук Азиядагы кырдаал

Кыргызстанда дагы 12 адамдан COVID-19 вирусу аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри маалымдады. Мекеменин маалымдашынча, вирус аныкталган адамдардын баары бейтаптар менен байлынышта болгон. Жалпысынан азыркы тапта өлкөдө 228 адамдан коронавирус аныкталды. Төртөө көз жумду. Дагы бешөөнүн абалы оор. Айта кетсек, бүгүнкү күндө Бишкек шаары, Ош жана Жалал-Абад облустарынын Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда өзгөчө кырдаал менен коменданттык саат киргизилген.

Өзбекстанда инфекция жуктургандардын саны 457ге жетти. Өлкөнүн саламаттыктык сактоо министрлиги COVID-19 оору ырасталган бейтаптар жөнүндө толук маалыматты жарыялады. Ошентип, 31 бейтапта пневмония белгилери аныкталган. Алардын тогузунун абалы салыштырмалуу түрдө оор, дагы эки адамдын абалы өтө оор деп айтылат маалыматта.

Жалпы Өзбекстанда 30 адам инфекциядан айыгып чыгып, Республикалык адистештирилген терапия жана медициналык оңдоо илимий-практикалык медициналык борборуна жиберилди. Дагы 5нүн абалы оор.

Аны менен катар, өлкөдө эки адам пандемия курмандыгы болсо, дагы эки өзбекстандык чет элде курман болгон. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда 100 миңден ашык адам карантинде, анын 23 миңден ашыгы ооруканага жаткырылган.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн дагы эки мамлекети Тажикстан менен Түркмөнстанда азырынча коронавирустун бир дагы учуру расмий түрдө каттала элек.

 

Фото: vlast.kz