COVID-19: Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү абал

COVID-19: Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү абал

Кыргызстанда дагы 69 адамдан COVID-19 вирусу аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри маалымдады. Мекеменин маалымдашынча, вирус аныкталган адамдардын баары бейтаптар менен байланышта болгон. Жалпысынан азыркы учурда өлкөдө 216 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Төрт адам көз жумду. Дагы 5өнүн абалы оор. Ал эми 42 бейтап ооруну жеңип чыккан.  

Өзбекстанда инфекция жуктургандардын саны 390го жетти. Эки адам курман болуп, 30у айыгып чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Айта кетсек, чын курандын 1нен баштап өлкө бийлиги Ташкент менен башка да аймактарда өзүн-өзү обочолоо режимин киргизген. Аны менен катар, 65 жаштан ашкан жарандарга үйдөн чыгууга тыюу салынган.  

Тажикстандын саламаттык сактоо министрлиги Согди облусунун 60 жаштагы тургуну көз жумганын ырастаган. Согди облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын өкүлдөрү маркумду дарылаган ак халатчандар менен анын туугандарынын карантинге жаткырылганын билдирди. Бирок алардан коронавируска алынган тест терс жыйынтык көрсөткөн. Ал эми курман болгон бейтаптан ооруган кезде анализ алынып, тесттин жыйынтыгы терс натыйжа берген.  Аны менен катар, өлкөнүн саламаттык сактоо министрлиги коронавируска шектүү 22 адамдын тестин Лондонго жиберген, ал жактан да терс натыйжа келген.

 

Фото: iz.ru