COVID-19 пандемиясы: Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү абал

COVID-19 пандемиясы: Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү абал

Кыргызстанда коронавирустан бир адам каза тапты. Ал Ош облусунун 61 жаштагы тургуну. Бейтап жакында эле чет элден келген. Ошондой эле анын өнөкөт оорусу болгон. Учурда өлкөдө кооптуу инфекцияга чалдыккандарлын саны 130га жетти. Бул тууралуу COVID-19 вирусу менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын отурумунда маалым болду. Өлкөдө кооптуу илдеттин таралышына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Өзбекстанда инфекция жуктургандардын саны 200дөн ашты. 2 адам курман болуп, 25и айыгып чыкты. Айта кетсек, чын курандын биринен баштап, өлкө бийлиги Ташкент жана башка аймактарда өзүн-өзүн обочолоо режимин киргизген эле. Аны менен катар, 65 жаштан ашкан жарандарга үйдөн чыгууга тыюу салынган. Өлкө бийлиги жалган курандын 16нан чын курандын 30у аралыгында коронавирустун таралуу кооптуулугуна байланыштуу башка өлкөлөр менен транспорт байланышын токтотту. Ал эми жалган курандын 30унан чын курандын 20на чейин өлкөдөгү бардык аэропорттордун иши жана ар бир авиа байланышы, Өзбекстан ичиндеги транспорттордун кыймылы атайын уруксаттар менен жүзөгө ашырыла турган болду.

 

Фото: knews.kg