Борбор Азия мамлекеттери коронавируска каршы чараларды кабыл алууда

Борбор Азия мамлекеттери коронавируска каршы чараларды кабыл алууда

Өзбекстанда 65 жаштан ашкан жарандарга үйдөн чыгууга тыюу салынды. Мындай чечимди өлкөдө коронавирус менен күрөшүү алкагында түзүлгөн атайын комиссия чыгарды. Улуу муундагы адамдарга үйдүн жанындагы азык-түлүк дүкөндөр менен даркыналарга барууга гана уруксат этилген.  Айта кетсек, республикада акыркы сутка ичинде коронавирустун жаңы 8 учуру катталып, кооптуу илдетти жуктургандардын саны 187 адамга жетти. Анын ичинен 12 адам айыкса, эки бейтап вирустун курмандыгы болду.

Кыргызстандын Талас облусунан башка аймактарынын бардыгында коронавирус илдети аныкталды. Республиканын саламаттык сактоо министрлигинин маалымдашынча, азыркы учурда кооптуу дарт жуктуруунун 116 учуру катталган. 5 адам айыгып чыкты. Бишкек, Ош, Жалал-Абад менен үч райондо өзгөчө кырдаал жарыяланып, коменданттык саат күчүндө.

Тажикстан менен Түркмөнстан өлкөлөрүндө коронавирус инфекциясы аныкталды деген расмий маалымат жок. Бул мамлекеттердин башчылыгы дүйнөдө күч алган илдеттин алдын алып, таратпоо үчүн бардык сактык чаралары колго алынганын маалымдап жатат.

 

Фото: 24.kg