Борбор Азиядагы Covid-19 илдетинин абалы

Борбор Азиядагы Covid-19 илдетинин абалы

Кыргызстанда Covid-19 вирусунун жаңы 4 учуру катталды. Ушуну менен өлкөдө коронавирус илдетин жуктургандардын жалпы саны 111не жетти. Учурда өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат режими Бишкек, Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондордунда сакталууда.  

Өзбекстанда акыркы сутканын ичинде дагы бир адам инфекция жуктуруп алганы аныкталды. Өлкөдө Covid-19 илдетин жуктургандардын жалпы саны 173кө жетти. Учурда 90 миң адам карантинде жатат. Өлкөдө вирус аныкталгандан бери эки адам курман болду. Деген менен жергиликтүү дарыгерлер адам өмүрүн сактап калуу үчүн колунан келгенин жасашууда. Жакында эле, коронавирустан дарыланып жаткан бир бейтап аял айыкканы белгилүү болду. Ал реабилитацияга жиберилди.

ХАДИЧА ШАХОБАВА, COVID-19ДАН АЙЫККАН БЕЙТАП:

- Мен Вирусология институтунун кызматкерлерине ыраазычылыгымды билдиргим келет. Алар эч нерсеге карабай өздөрүнүн өмүрлөрүн тобокелдикке салып, бир имараттын ичинде 14 күн, бизге күнү-түнү жардам беришти. Алар чыныгы баатырлар.

Бүгүнкү күндө жалпысынан кооптуу илдеттен 8 адам айыгып чыкты. Учурда алар Реабилитациялык борбордо кармалууда. Алардын абалына Вирусология илимий-изилдөө институтунун 70 адиси көз салууда. Маалыматка ылайык, алардын ар бири күнүгө кооптуу инфекцияны жуктуруу коркунучуна учуроодо. Соңку 10 күн ичинде илдет 10 дарыгерден аныкталган.

Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө кооптуу инфекциянын таралышын алдын алуу чараларын көрүүдө. Бул жерде транспорт кыймылына чектөө чаралары кабыл алынган. Ашхабадда дээрлик бардык дүкөндөр, окуу жайлар жана кызмат көрсөтүү жайлары жабылды. Ошондой эле, мектептерде, көчөдө жана коомдук жайларда жүргөн адамдардын дене табын массалык текшерүү иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары, Түркмөнстандын саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19 илдетин аныктай түрган тест-системаларын, коргоочу каражаттарды жана кийимдерди сатып алышты.  

Тажикстанда коронавирус менен ооругандар жок. Ага карабай, Кытай Эл Республикасы өлкөгө 1000 комбинзон, 500 даана байланышсыз термометр, 1000 медициналык көз айнек жана бир нече мээлей менен бутка чейин  жапкан  кийимдерден турган  гумнитардык жардамын жөнөттү. Ошондой эле КЭР адистерге 2000 изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген COVID-19 илдетинин нуклеин кычкылдарын аныктоого арналган реагент топтомун берди. Кошумчалай кетсек, гуманитардык жардамды тапшыруу салтанаты Тажикстан-Кытай чек араларынын Карасуу өткөрмө-бекетинде болду.

 

Фото: currenttime.tv