Борбордук Азия: Коронавируска каршы күрөш

Борбордук Азия: Коронавируска каршы күрөш

Өзбекстанга коргоо министрлигинин атайын борту менен Кытайдан гуманитардык жардам катары 20 тонна медициналык жабдыктар менен дары-дармектер жеткирилди. Алардын ичинде медициналык мээлейлер, тепловизорлор менен коргонуучу каражаттар бар. Бул абдан керектүү жабдыктар биринчи кезекте инфекция жуктурган бейтаптар менен түз иштеген медициналык кызматкерлер, аскерлер жана ички иштер кызматкерлерине таратылат.  

Өзбекстанда коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн чет элдик адистер тартылган. Мисалы саламаттыкты сактоо министрлигинин чакыруусу менен өлкөгө кореялык профессор Цой Чже Ук келген. Адис COVID-19 кооптуу илдетин алдын алуу боюнча өз мамлекетинде ийгиликтүү колдонулган ыкмалар жана ушуга байланыштуу эл аралык тажрыйбасы менен бөлүшүүдө. Бүгүнкү күндө Өзбекстанда коронавирустун 158 учуру катталган.

Коңшулаш Кыргызстанда кооптуу инфекция жуктургандардын саны Өзбекстанга караганда аз. Азыркы учурда коронавирус 107 кыргызстандык жарандан аныкталган. Республиканын бийлик өкүлдөрү ооруну таратпоонун камында карантиндик режимди бузган адамдар менен жигердүү иштеп жатат. Өткөн түндө өлкө борборунда 137 адам кармалды. Коменданттык саат киргизилгенден бери 876 адам жоопко тартылып, камакка алынды. Айта кетсек, анда кечки 20:00дөн таңкы 07:00 гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Болгону дүкөн, дарыкана жана медициналык мекемеге барууга гана уруксат этилген. Адамдын жанында паспорт жана багыттоочу аныктама кагазы болушу керек.  

Түркмөнстандын бийлик өкүлдөрүнүн маалымдашынча, өлкөдө коронавирус инфекциясы катталган эмес. Бирок илдеттин алдын алуу үчүн Ашхабадка кирүү жана өлкө аймагында эркин жүрүүгө чектөөлөр коюлган. Жолдор менен коомдук жайларда адамдардын массалык дене табы текшерилип жатат. Буга кошумча, өлкөдө коомдук чаралар менен тойлорду өткөрүүгө тыюу салынган.

Тажикстанда да коронавирустун катталганы тууралуу расмий маалымат жок. Өлкө дүйнөдө күч алган пандемиядан оолак. Илдеттин алдын алуу үчүн мамлекетке келген жарандар бирден карантинге алынууда.

 

Фото: centralasia.media