Борбордук Азия өлкөлөрүндө коронавирус менен күрөшүнүн чаралары

Борбордук Азия өлкөлөрүндө коронавирус менен күрөшүнүн чаралары

Өзбекстан мамлекетиндеги бардык аэропорттор ишин токтотту. Мындай чечимди коронавирус инфекциясынын таралышын алдын алуу максатында түзүлгөн атайын республикалык кеңеш чыгарды. Буга кошумча, Өзбекстан жарандарына чын курандын 20на чейин жеке транспортторун пайдаланууга тыюу салынды. Чектөө бир гана адам өмүрү менен байланыштуу чукул кырдаалдарга гана тиешелүү эмес. Айта кетсек, жалган курандын 30ундагы  маалыматтарга ылайык, Өзбекстанда коронавирус жуктуруунун 145 учуру катталды. Эки адам илдеттен көз жумса, жети адам айыгып чыкты.

Ал эми Кыргызстандын Бишкек, Ош жана Жалал-Абад аймактарында өзгөчө кырдаал менен коменданттык саат режими киргизилди. Алардын катарында Ош облусундагы Ноокат, Кара-Суу, Жалал-Абад аймагынын Сузак райондору бар. Ал эми өлкөнүн башка аймактарында өзгөчө абал киргизилди. Андагы соңку маалыматтарга ылайык, өлкө боюнча 94 адамдын коронавирус жуктурганы аныкталды. Кооптуу илдетке чалдыккандардын үчөөсү оор абалда жатат.

Түркмөнстан бийлиги өкүлдөрүнүн маалымдашынча, өлкөдө коронавирус инфекциясы катталган жок. Деген менен илдеттин алдын алуу үчүн Ашхабадка кирүү жана өлкө аймагында эркин каттоого чектөөлөр коюлган. Ошондой эле, республиканын бир катар ишканалары ишин убактылуу токтотууга мажбур болду. Мындан сырткары, накталай акчасыз азык-түлүк сатып алууга чектөө коюлду. Күнүнө ар бир адам 80 манатка чейин гана эсеп-кысап жүргүзө алат.

Кытайлык миллиардер Джек Ма Борбордук Азия аймагында коронавирус менен күрөш чараларына колдоо көрсөтүүгө ниеттенүүдө. Меценат фонду Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан жана илдеттен жапа чеккен дагы 4 мамлекетке коргонуу каражаттарын жиберүүгө даяр. Аталган мамлекеттерге 1,7 миллион даана медициналык беткап, 165 000 бирдиктүү тест жыйынтыгы менен коргонуучу кийимдер жана медициналык жабдыктар анын ичинде желдеткичтер менен дене табын өлчөй турган термометрлер таратылат. Гуманитардык жардам жакынкы күндөрү жеткирилип берилет.

 

Фото: tengrinews.kz