Борбордук Азияда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны өсүүдө

Борбордук Азияда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны өсүүдө

Өзбекстанда коронавирусту жуктургандардын саны 60ка жетти. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдаган. Республиканын Наманган райондоруна жана башка бардык аймактарында транспорттун бардык түрлөрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бирок бул жүктөрдүн кирип-чыгуусуна таандык эмес.

Деген менен Кыргызстанда коркунучтуу инфекция 42 адамдан аныкталды. Алардын ичинен Ош облусунда 20, Жалал-Абад облусунда 19, Бишкекте 2, Баткен облусунда 1. Чын курандын 22сине чейин өлкөнүн бардык региондоруна өзгөчө абал режими киргизилди. Ал эми жалган курандын  25нен чын курандын 15ине чейин Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда ошондой эле, Кыргызстандын бир канча райондорунда өзгөчө кырдаал режими сакталат.

Азыркы учурда Тажикстанда коронавирусту жуктуруу боюнча бир дагы учур каттала элек. Бирок ага карабай 3156 адам карантинде, алардын ичинен 107си чет элдин жарандары.

Түркмөнстанда ковид-19 илдетин ооздуктоо боюнча чаралар күчөтүлүүдө. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө аталган өлкөдө да вирус жуктуруунун бир дагы учуру жок. Бирок илдетти өлкөдө болтурбоо үчүн, өкмөт тиешелүү бардык чараларды көрүп баштады. Ири шаарларга көзөмөл-пунктары коюлуп, бардык мелдештерди өткөрүү токтотулду. Республиканын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүчү жарандарга чын курандын 20сына чейин чектөө коюлду.

 

Фото: currenttime.tv