Кыргызстан коронавируска байланыштуу коопсуздук чараларын күчөттү

Кыргызстан коронавируска байланыштуу коопсуздук чараларын күчөттү. Инфекция очогу катталган өлкөлөрдөн келген жарандар үч категорияга бөлүнөт. Алар медициналык мекемелерге карантинге алынат же үйгө жайгаштырылып, коомчулуктан обочолонот. Атай кетсек, оору дарегин аныктоо үчүн келгендер тепловизорлор менен эки ирет текшерүүдөн өтөт. Алгач учак бортунда, андан кийин аэропортко келген залда дагы бир жолу көзөмөлдөнөт.

МИРЛАН ЧАКИЕВ, «МАНАС» АЭРОПОРТУНУН САНИТАРДЫК-КАРАНТИНДИК ПУНКТУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Азыркы учурда биздин адистер аба кемесинин бортунда термосканирлөө жүргүзө алышат. Бул бизге жана башка жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзөт. Термосканирлөөнү ар бир бортто биздин эки адис жүргүзөт.

Кыргызстанда коронавирусту алдын алуу чаралары бардык жерде жүргүзүлүп жатканын белгилей кетүү керек. Дезинфекция иштери буга чейин базарларда, соода борборлорунда жана адамдар көп чогулган жайларда жүргүзүлсө, эми коомдук транспорттордо да жүргүзүлө баштады.

АЛТЫНБЕК ТЫНАЛИЕВ, ДЕЗИНФЕКТОР:

- Биз коомдук транспорттордо дезинфекция иштерин милдеттүү түрдө жүргүзө баштадык. Дезинфекциялоого пайдалана турган дары-дармектин курамында хлор менен вируска каршы атайын кошулма бар.

Фото: azattyk.org