Ташкент шаарындагы арт базар

Чыгыш стилиндеги жасалгалар менен идиштер, жибек кездемелер менен зергерчилик буюмдар. Көз жоосун алган колдонмо өнөр чыгармалары Өзбекстан борборунда өткөн көргөзмөнүн көркүн ачты. Эки айда бир жолу өткөн иш-чарага Ташкент, Самарканд, Кашкадарыя, Бухара аймактары менен Фергана өрөөнүнөн баш-аягы 100гө жакын чебер катышты. Арт базарда көркөм оюу, карапа металл, айнектен жасалган идиштер, асыл таштар, сөөк, булгаары буюмдарын көрүүгө болот. Шаар тургундары менен коноктору бул жерде коюлган буюмдарды көргөндөн сырткары, сатып алууга мүмкүнчүлүк алат. 600 жылдык тарыхы бар атактуу Риштан карапасынын чеберлери да өз өнөрүн ортого салды. Алардын колунан чыккан карапа буюмдары ар дайым суроо-талапка ээ.

БАХТИЁР НАЗИРОВ, КАРАПА ЧЕБЕРИ:

- Бул ата-бабаларыбыздан калган кол өнөрчүлүк. Экологиялык таза өнүм болгондуктан, тамак салууга жарамдуу табактар. Менин эмгектерим теңдешсиз. Ал тургай алар бири-бирине окшошпойт. Анткени биз муну байыркы технология боюнча жасайбыз. Бул жерде калемпир тартылган. Бул өсүмдүк көз тийүүдөн сактайт. Ал эми анар - байлыктын белгиси.

Фото: uzbektourism.uz