Кыргызстанда ири гидроэлектростанция курулат

Кыргызстан Камбар-Ата-1 гидроэлектростанциясын куруу үчүн ири инвесторлорду тартууга жигердүү киришти. Стратегиялык маанилүү объекттин кубаттуулугу саатына 1860 мегаватт өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Долбоордун наркы 3 миллиард теңгеге бааланууда. Курулуш иштеринин өтө кымбатка түшүүсү татаал объекттин пайдубалын толук модернизациялоо менен  байланыштуу. Анткени Нарын дарыясынын боюнда салына турган суу электр станциясына керектүү инженердик инфраструктуралык желе тартылган. Масштабдуу долбоорго Казакстан менен Өзбекстан кызыгуу артып жатканын кыргызстандык энергетиктер билдирүүдө. Адистердин айтымында, жазгы суу ташкындарында жана айдоо аянттарын сугарууда Кыргызстан тарабынан плотиналардан жана суу сактагычтардан берилген суунун деңгээлине байкоо жүргүзүүгө жана кошумча энергия өндүрүү үчүн пайдаланууга болот.

АЙТМАМАТ НАЗАРОВ, УЛУТТУК ЭНЕРГЕТИКАЛЫК ХОЛДИНГ БАШКАРМАСЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Бизде аталган ГЭСти биргелешип салууга байланыштуу атайын меморандум бар. Учурда ал келишим күчүнө кирди. Буга байланыштуу биз Өзбекстан тарап менен келишим түзөбүз. Ошондой эле, казакстандык кызматкерлер менен да ушул жаатта сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Жалпы мамилеге келе турган болсок, ГЭСтин курулушун биргелешип жүргүзөбүз деген пландар бар.

Масштабдуу долбоорду ишке ашыруу зарылдыгы Кыргызстан жана Борбордук Азия регионунда энергия булагын керектөөнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатуу менен катар, жаратылыш шарттарынын өзгөрүшүнө байланыштуу пайда болгон.

ЭМИЛЬ ОСМОНБЕТОВ, КРНЫН ӨНӨР ЖАЙ, ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУ МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Быйылкы жылдан тартып суунун тартылуу мезгили башталды. Мисалы, Токтогул суу сактагычындагы суунун азыркы деңгээли бир миллиард сегиз жүз миллион чарчы метрге азайганын байкайбыз. Бул көйгөйдү сууну үнөмдөө аркылуу чечүүгө болот. Буга байланыштуу биз бүгүнкү күндө  көмүр колдонууга артыкчылык беребиз. Биз катуу отунду жеткирүүчү өлкөлөр менен товар алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

Кыргыз тарап өз алдынча курулуш иштерин баштоого даяр экенин билдирди. Биринчи этапта 150 метр бийиктиктеги дамба куруу жана эки суу сактагычты куруу көздөлүүдө. Мындан тышкары, инженердик инфраструктура тартылып, жол төшөлөт. Жергиликтүү адистер инвесторлор табылса, биринчи кезекте негизги курулуш ордуна жол салууну мерчемдөөдө. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, гидроэлектростанцияны курууга 8-10 жыл кетет.

Фото: pikabu.ru


×