АӨБ Борбор Азиядагы 18 долбоорду каржылайт

Азия өнүктүрүү банкы быйыл Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда жана Кыргызстанда 18 долбоорду колдоого 2 миллиард доллардан ашык каржы бөлөт. Каражаттын кырк пайызы төрт ата мекендик долбоорду ишке ашырууга жумшалат. Атап айтканда, Казакстандын транспорт, инфраструктура, айыл чарбасы жана жашыл каржылоо тармактарын камтыйт.

ДЖОВАНИ КАПАННЕЛИ, АӨБНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮНҮН МҮДҮРҮ:

- Бул жылы биз жактырган долбоорлордун жалпы наркы 800 миллион долларга жакын болору күтүлүүдө. Алардын экөө Айыл чарба тармагында ишке ашырылат. Алардын бири - мал чарбачылыгындагы жеткирүүлөрдү жакшыртууга байланыштуу. Экинчиси - дүң соода чөйрөсүндө бөлүштүрүүчү борборлорду өнүктүрүү. Биз бул эки демилге айыл чарбасын өнүктүрүүгө түрткү берет деген ишенимдебиз. Ошондой эле, транспорт тармагында жашыл каржылоого тиешеси бар инновациялык долбоорлор да бар.

Азия өнүктүрүү банкы - Казакстандын стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири. Акыркы чейрек кылымдын ичинде каржы институту жалпы суммасы 6 миллиард долларды түзгөн инфраструктуралык долбоорлорду колдогон.

ДЖОВАНИ КАПАННЕЛИ, АӨБНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮНҮН МҮДҮРҮ:

- Азия өнүктүрүү банкы ишке ашырып жаткан долбоорлорго келсек, бул жаатта Казакстандын орду өзгөчө. Анткени Казакстан аймактын туруктуу өнүгүүсүнө чоң салым кошту. Мисалы, транспорттук инфраструктура. Казакстан бул жаатта аймактын кызматташтыгы менен интеграциясына чоң таасирин тийгизди. Эгерде инвестициялык мамиле тууралуу сөз кыла турган болсок, бүгүнкү күндө региондун транспорттук тармагына салынган бардык каражаттардын 70% Казакстанга туура келет.

Джованни Капаннелинин айтымында, Борбордук Азия аймагынын экономикалык кызматташтыгы программасынын алкагында  Азия өнүктүрүү банкы ушул жылы чөлкөмдүн мамлекеттери менен соода-экономикалык, туризм, агро өнөр жай комплекси, ичүүчү суу менен камсыз кылуу багытындагы мамилесин жакшыртат.

Фото: inbusiness.kz


×