Кыргыз окуучулары казак тилин онлайн окуй алат

Кыргызстандын Чүй облусундагы Манас айылынын мектеп окуучулары казак тилин онлайн түрүндө өздөштүрө алат. «Отандастар» фонду билим уясына Казакстандагы мугалимдер менен интернет-конференцияларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген компьютердик курал-жабдыкты белекке берди. Азыр окуу борборунда 240 казак баласы билим алып жатат. Мектепте бир нече сабактарга адистештирилген класстар бар. Эми казак тили бөлмөсү да ачылды.

ОРОЗАЛИ КАМИЕВ, КАМКОРЧУЛАР КЕҢЕШИНИ МҮЧӨСҮ:

- Бул чоң жетишкендик, замандын агымы менен келе жатабыз. Онлайн эң сонун эмеспи. Алыстык да тоскоол боло албайт. Казакстан элчилиги ушундай курал-жабдыкты орнотконуна ыраазымын.

Атайын адистештирилген курал-жабдык маалыматты иштете турган кубаттуу компьютер, мыкты видео камера, интернет модем жана кенен форматтуу монитордон турат. Бул техника Казакстандын каалаган шаарындагы мугалимдер менен онлайн-конференция түзүп, аны жогорку сапат менен өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эми мектеп жетекчилиги ушул аркылуу казак кесиптештери менен Абайга тиешелүү тарыхый маалыматтарды сураштырып, аны окуучуларга көрсөтөт.

МАРЖАК ИСКАКОВА, МЕКТЕП МҮДҮРҮ:

- Балдарыбыз улуу казак акынынын чыгармалары менен тааныша алат. Анын эмгектеринин негизинде тартылган тасмаларды көрүүгө, ырларын тереңирээк талдоого мүмкүнчүлүк жогорулады. Көп пайда алып келет деп ойлойм.

Аны менен бирге, Казакстан элчилиги мектептин китепканасына Абайдын өмүр жолун баяндаган казак жана орус тилдеринде чыккан китептерди тапшырды.

Фото: sputniknews.kz