2019-жыл Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгын бекемдеген жыл болду

2019-жыл Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгын бекемдеген жыл болду. Беш мамлекеттин тарыхый достугуна негизделген конструктивдүү жана прагматикалык саясатынын натыйжасында бүгүнкү күнү аймакта эки жактуу жана көп жактуу карым-катнаштарды туруктуу өнүктүрүүгө бардык шарттар жасалган. Жетинин айында Ташкентте өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын экинчи саммити бул нерсени дагы бир жолу далилдеди.

ЖУМАБЕК САРАБЕКОВ, КР ТУҢГУЧ ПРЕЗИДЕНТ ФОНДУНУН АЛДЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ЭКОНОМИКА ЖАНА САЯСАТ ИНСТУТУНУН СЕРЕПЧИСИ:

-Ушул кеңештин жолугушуусуна быйыл бирнчи жолу Түркмөнстан президенти катышты. Борбордо өткөн жолугушууга ал катышкан эмес. Ошондуктан бул дагы бир жакшы жаңылык деп айтууга болот. Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай жетинин айында Өзбекстан өзүнүн Евразиялык экономикалык биримдик менен бирге иш алып барууга кызыктар экени тууралуу маалымдама жасады. Башкача айтканда, бул   аймактагы геосаясий байланышты өзгөртө турган окуя болушу толук мүмкүн.

Аймак өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-сатык жыл сайын өсүүдө. 2018-жылы бештик 4,3 миллиард долларга соода жасаса, бул көрсөткүч быйылкы жылдын тогуз айында эле аткарылды. Ал эми, биргелешкен ишканалардын саны 4 эсеге өскөн. Демек, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө мүмкүнчүлүктөр арбын.

Аймак боюнча Казакстандын башкы соода шериктеши – Өзбекстан Республикасы. 9 айда өлкөлөрдүн ортосунда алыш-бериш 25 пайызга өсүп, 2,6 миллиард долларга жеткен.

БАХАДИР АЮПОВ, «КАЗАК ЭКСПОРТ» АК ЭКСПОТТУК КАМСЫЗДАНДЫРУУ КОМПАНИЯСЫНЫН ӨКҮЛҮ / ӨЗБЕКСТАН

- Өзбекстан Республикасы Казакстанга экспорт үчүн жогорку мааниге ээ өнөктөш катары саналат. Бул кызыкчылык бүткүл эл аралык коомчулукка өзүнүн ачыктыгы, жаңы стратегиялары тууралуу айкын белги берген Өзбекстандын азыркы басымдуулуктарында орун алды. Эки өлкөнүн Өкмөтү товар жүгүртүүсүн 5 миллиард долларга чыгаруу милдетин койду. Аталган  өлкөлөрдүн президенттириннин өз ара сапарлары менен премьер-министрлердин туруктуу байланыштары керектүү каналда жана оң багытта жүргүзүлүп жаткандыгын көрсөтүүдө.

Казакстан менен Өзбекстандын байланышы таптакыр жаңы деңгээлге чыкты. Былтыр Казакстанда «Өзбекстан жылы» деп жарыяланса, 2019-жыл «Өзбекстандагы Казакстан жылы» урааны менен өттү. Анын алкагында боордош республиканын элдери казак маданияты менен жакыныраак тааныштырган 20га жакын иш-чара өттү. Ушундай шарттарда мамлекеттер достугу менен өз ара эффективдүү өнөктөштүк мамилелердин жаркын үлгүсүн көрсөтө алышты. Борбор Азияны туруктуу жана өркүндөгөн бүтүн аймакка айландыруу багытындагы жумуштар мындан ары да улана берет.

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТУҢГУЧ ПРЕЗИДЕНТИ – ЭЛ БАШЫ:

-Казакстанда башталган сүйлөшүүлөр өлкөлөрүбүз үчүн кызматташтыктын жаңы этабына эшик ачты. Ал бардык деңгээлдеги байланыштарыбызды жандандырды. Беш мамлекет кылымдар бою таттуу өмүр сүрөт деп ишенебиз.

Аймактык интеграцияны бекемдөө жолундагы эмгегине болгон сый-урматтын белгиси катары Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Түркмөнстан башчылары Нурсултан Назарбаевди Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын кеңеш берүүчү Кеңеш берүү жыйналышынын ардактуу төрагасы кылып шайлашты. Ал эми Эл башы жалган куран айынын он бешин Борбор Азия күнү деп жарыялоону сунуштады.

Фото: turkmenportal.com