«Сулайман-Тоо» музейи Өзбекстанда көргөзмө өткөрдү

 

Кыргызстандын эң ири музейлеринин бири «Сулайман-Тоо» өз экспонаттарын Ташкентте көпчүлүккө сунуштады. Көргөзмө Өзбекстандын мамлекеттик тарых музейинде ачылды. Экспозицияга сейрек кездешкен архивдик материалдар, кол жазмалар, тарыхый документтер жана фото материалдар коюлду.

Экспонаттар келүүчүлөргө Борбор Азиядагы цивилизациянын эң байыркы очокторунун бири менен таанышууга, ошондой эле, Кыргызстандын түштүгүндө мурда жашаган элдердин тарыхы тууралуу билүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Белгилей кетсек, «Сулайман-Тоо» музейи Сулайман-Тоонун боорунда жайгашкан. Бул жер туристтер байма-бай келген жана ибадат кылуу жайына айланган. Музей 1949-жылы курулган.

БАХТИЁР ХОДЖАЕВ, ӨЗБЕКСТАН ИЛИМ АКАДЕМИЯСЫНЫН АЛДЫНДАГЫ ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫ МАМЛЕКЕТТИК МУЗЕЙИНИН ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ:

- Бул жерде биздин элибизге кызыктуу экспонаттар сунушталган, анткени тарыхый жактан биз бир доорго таандыкпыз. Бир динди карманабыз жана маданиятыбыз өз ара байланышат. Экспозицияда 10-кылымдан баштап бүгүнкү күнгө чейинки тарыхый мезгил камтылган. Музей үңкүрдө жайгашкан, бизге анын негизги бөлүгү кызыктуу. Алар Борбор Азиянын негиздөөчүлөрү катары саналган үч диндин тарыхын изилдеп көрсөткөн. Бул ислам, маонизм жана зороастризм.

Иш-чара «Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык музей менен Республикалык Илим академиясынын алдындагы Өзбекстан мамлекеттик тарых музейинин ортосундагы келишимди ишке ашыруу алкагында уюштурулду. Көргөзмө жаңы жылга чейин уланат. Ал эми 2020-жылы Самарканд жашоочуларына тааныштырылат.

Фото: kabar.kg