Евробиримдик эл аралык соода-сатыкты өнүктүрүүгө 15 млн евро бөлөт

Евробиримдик Борбор Азия өлкөлөрүндө соода-сатыкты өнүктүрүү программасына 15 миллион евро бөлөт. Аталган программадагы негизги милдеттер: дүйнөлүк рынокторго чыгуу, чакан жана орто ишкердиктин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу, аларды эл аралык талаптарга ылайыкташтыруу жана соода тоскоолдуктарын жоюу.

Ошондой эле, төрт жылдык программанын алкагында аймакта электрондук соода тармагындагы нускоочулар окутулат жана аял-ишкерлердин мүмкүнчүлүктөрү жогорулайт.

АШИШ ШАХ, ЭЛ АРАЛЫК СООДА БОРБОРУ АЙМАКТЫК ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

-Бүгүнкү күндө, Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз ара товар жүгүртүүсү акырындан өсүп жатат. Бул көрсөткүч 5 өлкөнүн ортосундагы жалпы соода-сатык көлөмүнүн болгону жети пайызын түзөт. Биз компанияларды колдоонун аркасында транс чек аралык тоскоолдуктарды жоюп, дүйнөлүк интернет соода системасына өтүүнү көздөп жатабыз. Ушундай шарттарда Евробиримдик мамлекеттери менен экономикалык байланыш орноп, аймак эл аралык рынокко кирет. Натыйжада товар жүгүртүүсү өсөт.

Фото: delo.ua