Өзбекстанда аймактагы эң ири тоо лыжа базасы курулат

Өзбекстан Борбордук Азиядагы эң ири тоо лыжа базасын ачууга даярданууда. Ал Тянь-Шань тоосунда жайгашып, Ташкенттен эки саат жол жүрөт. Лыжа жана сноуборд сүйүүчүлөрү келерки айда заманбап трассаларды сынай алышат. Айта кетсек, азыркы заманбап тоо лыжа базасынын жалпы аянты 900 гектар, алдыдагы беш жылда кышкы жана жайкы инфраструктурасы менен толук жарыктандырылат. Ал убакытта бул жерде узундугу 20 чакырымдан ашкан тоо лыжа трассалары желесин салуу пландалууда. Курорт гондолдук, конвейердик жана отургуч типтеги көтөргүчтөр, ошондой эле азыркы заманбап билет-өткөрүү системасы менен жабдыкталат. Айта кетсек, уникалдуу долбоор - Андорра, Испания, Франция, Германия, Дания жана Австриянын дүйнөлүк деңгээлдеги серепчилери менен жергиликтүү адистердин кызматташтыгынын жемиши болуп саналат.

ВАЛЕРИЙ КИМ, КУРОРТТУН БАШКЫ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Операциялык мүдүр Томас Тор-Йенсен жакында эле Куршевелдин маунтин-мүдүрү болду, азыр ал биз менен иштейт жана бул курортту башкарат. Абдан чоң тажрыйбасы бар мыкты адам. Биздин курорт  Борбордук Азиянын жүрөгүндө жайгашкан Өзбекстан Республикасынын чыныгы Куршевели болот деп үмүттөнөбүз.

Адистер курорттун ачылышы кышкы спорт түрлөрүн сүйүүчүлөрдү тартып, өлкөдөгү туризмдин өнүгүүсүнө чоң түрткү берерине ишенишет.

Фото: sputnik-georgia.ru