Кыргызстанда жашыл технологиялар иш жүзүндө

Энергия үнөөмдөөчү системалар менен кайра жанма энергия булактарын пайдаланууга киргизүү.

Бишкекте 20га жакын компания өздөрүнүн жашыл ноу-хауларын тааныштырды. Бул жашыл долбоорлордун негизине электр энергиясын, жылуулук менен сууну жана башка ресурстарды үнөмдөөнүн ар кандай принциптери жана ыкмалары камтылган. Бүгүнкү күнү заманбап орнотуулар төмөнкү өндүрүштүк жана каржылык чыгымдар менен иштөө үчүн жасалат.

Атап айтканда, атайын электрондук түрдө бардык көзөмөлдөөчү түзүлүштөрдүн ишине көз салат, анын натыйжасында ашыкча жоготууларга жол берилбейт.

ЧЫНГЫЗ УСЕНОВ, ТИРКЕМЕНИ ИШТЕП ЧЫГУУЧУ:

- Биздин технология ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга арналган түрдүү куралдарды желеге кошууга мүмкүндүк берет. Электр энергиясын, газ менен жылуулукту, сууну эсептөөчү куралдар. Булардын бардыгы керектелген ресурстардын көлөмү тууралуу маалыматтардан башка сапаттык маалымат да берет. Атап айтканда, энергия, чыңалуу, температура, гигокалория жана дагы башкаларын. Эсептегич куралдардын баары зымсыз жана абдан эффективдүү.

Серепчилердин айтымында, бүгүнкү күндө дүйнө жүзү келечекте энергоэффективдүү жашоо жолун издеп келет. Ушундай өзөктүү маселенин чечимин издөөгө Кыргызстандык долбоорчулар менен курал-жабдыктарын өндүрүүчүлөр да өз салымын кошууда.

ТАТЬЯНА ВЕДЕНЁВА, КАЙРА ЖАНМА ЭНЕРГИЯ БУЛАКТАРЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- Биз учурда өзүбүз өндүргөн электр энергиясын толук керектеп жатабыз. Ошондуктан жакынкы арада бизнес менен үй чарбалары энергоэффективдүү жашыл чечимдерди издей баштады. Башкача айтканда, маселени чечүү керек болду. Бул рынокко катышуучулар үчүн тийиштүү мыйзамдык база иштелип чыккан соң бул тенденция жалаң күчөй берет деп ойлойм.

Борбордук Азия регионундагы өлкөлөрдө жашыл энергия булактарынын бардык түрлөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Анын ичинде күн энергиясын натыйжалуу пайдалануунун дарамети зор болгондуктан, күн панелдеринин өндүрүшүн жолго коюу абдан пайдалуу болот дешет адистер. Буга кошумча инженерлер жердин жылуу энергиясын пайдаланып тоо өзөндөрүндө чакан гидроэлектростанцияларды курууну, ал эми чарба кожолуктарын шамал электростанциялары менен камсыз кылууну сунуштайт. Башкача айтканда, жашыл энергияны алуу менен үнөмдөөнүн ыкмалары жана жолдору жеткиликтүү. Ошондой эле, бул багытта илимий изилдөөлөр жүргүзүлсө «жашыл экономика» түзүүгө мыкты негиз болуп берет.

Фото: eco.tatarstan.ru