Өзбекстандын туристтик дарамети

Табышмактуу археологиялык эстеликтер, кооз кийимдер, сыйкырдуу обондор. Ташкенттеги туристтик жарманкеге келгендер Өзбекстанды жаңы жагынан тааный алат. Иш-чарага белгилүү кол өнөр чеберлери да катышууда. Мисалы, усталар дамаск темиринен бычактарды жасайт, ал эми кол өнөрчүлөр жумшак тыбыттан жоолук токуйт.

ШАХЛО ОЛИЕВА, АНДИЖАН ОБЛУСУНУН КОЛ ӨНӨРЧҮЛӨРҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бул жылуу жоолуктар койдун жүнүнөн колго токулат. Бизден бул өнүмдөрдү керек болсо Оренбургдуктар өздөрү сатып алышат.

Экстремалдуу туризмди сүйүүчүлөр ири шаарлардан сырткары кызык окуяларды издейт. Алар үчүн бул жерде эс алуунун жаңы түрлөрү өнүгүүдө. Тур “орто кылымдагы көчмөн” деп аталат.

УЛУГБЕК КАСИМХОДЖАЕВ, ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТУРИЗМДИ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

- Биз этникалык шаарлар, этникалык туристтик кыштактарды салабыз. Турист өзүн 18-кылымда жүргөндөй сезет. Азыр талаага бир боз үй тиктик. Азыр Каракалпакстанда, Букарада боз үйлөр айылын салып жатабыз.

Ошондой эле, Өзбекстан саякатчыларды гастрономиялык сапарларга чакырат. Бул аталгандардын баары мамлекетке туристтик дараметин натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Айта кетсек, быйылкы жылы өлкөгө келген туристтердин саны 50 пайызга өскөн.

Фото: centralasia.news