Кыргызстанда кайра жанма энергия булактарын өнүктүрүү

Экологияны сактоо, табигый ресурстардын чектелүү шартында жаңы рынокторду, кызмат көрсөтүүлөрдү жана технологияларды түзүү. Бишкекте кайра жанма энергия булактарын жайылтууга карата илимий-тажрыйбалык ыкмалар талкууланып жатат. Бул жерде жашыл экономика жумалыгы өтүүдө.

АЙДИН ШАРШЕЕВ, КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКОНОМИКА МИНИСТРЛИГИНИН БАШКЫ-КАТЧЫСЫ:

- "Жашыл экономика" жумалыгы алкагында өлкөнүн ар түрдүү региондорунда 37 иш-чара каралган. Башкача айтканда, өлкөнүн аймактарын туруктуу өнүктүрүү, бардык региондордо жашыл экономиканы өнүктүрүү жана жайылтуу жолдорун аныктоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Кайра жанма энергия булактары Бишкектин инфраструктурасына жигердүү киргизилүүдө. Мисалы, борбор калаадагы мейманканалардын биринин чатырына 10 панелдүү күн коллектору орнотулган. Алар тарабынан иштелип чыгарылган жылуулук үч тоннага жакын сууну жылытууга мүмкүндүк берет. Серепчилердин пикиринде, "жашыл" технологиялардын тартымдуулугу  тез өсүүдө жана көптөгөн заманбап технологиялар жакынкы келечекте өндүрүштүн чыгашасыз ыкмалары менен сунушталат, анын ичинде унаа куруу тармагында дагы.

КЫЛЫЧБЕК ЖАКЫПОВ, ЖАШЫЛ ЭКОНОМИКА БОЮНЧА КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ СЕРЕПЧИ:

- Жалпысынан алганда, электр транспорту бизде акырындык менен өнүүгүдө, эгер эки жыл мурун эки электр унаа бар болсо, өткөн жылы алардын саны 10 болду. Азыр жарандар электр унаалар гана эмес, гибриддүү унаалар дагы экологиялык жактан пайдалуу экенин түшүнүп калды.

Жашыл экономика жумалыгы алкагында технология көргөзмөлөрү, адистештирилген семинарлар, окуу тренингдери менен тажрыйбалык жолугушуулар пландалган.

Фото: akchabar.kg