Кыргызстанда алма бактарын тамчылатып сугаруу колго алынууда

Кыргызстан алма бактарына минералдык жер семирткичтерди жана микро-сугат технологияларын киргизүүнүн уникалдуу ыкмасын ийгиликтүү колдонуп келет.

Жыл сайын Ноокат районунда 100 миң тоннага чейин өнүм алынат. Жергиликтүү аграрчылардын пикиринде, өсүмдүктөрдү  сугаруунун мындай ыкмасы жалаң түшүмдүүлүккө эле эмес, ошону менен катар дарактардын өсүшү менен өнүгүшүнө да жетишерлик таасир этет. Анткени отургузулгандардын көпчүлүгү карлик алма дарактары болуп саналат.

Абдулазиз Маматов – таштак жерди өздөштүрүп, аны гүлдөгөн бакчага ийгиликтүү айландырган жергиликтүү тургун. Фермер 10 гектар аймакка 23 миңден ашык алма дарагын отургузган. Долбоорду ишке ашыруунун аркасында багбанчылык чарбачылыкты да өздөштүргөн.

АБДУЛАЗИЗ МАМАТОВ, НООКАТ РАЙОНУН ТУРГУНУ:

- Алгач оңой болгон жок. Бирок мен ишти ийне-жибине чейин изилдедим. Бардык көчөттөр Польшадан алып келинди. Алардын арасында жони ханзада, редкап, гала, айдарет сыяктуу түрлөрү бар. Биздин климат ылайыктуу келди. Керек болсо поляктардын өздөрү да таң калды.

Экологиялык таза өнүмдү фермер чет өлкөгө экспорттоону мерчемдеп жатат. Ошону менен катар, фермер өзүнүн тажрыйбасын башка багбандар менен бөлүшүүгө ниеттенүүдө. Бул үчүн ал атайын окуу борборун ачууга даяр.

Фото: kyrgyzkorm.kg