Тажикстанда энергия үнөмдөөчү турак жайлар курулуп баштады

Тажикстанда энергия үнөмдөй турган үйлөр курула баштады. Турак жай өлкөнүн климаттык өзгөчөлүктөрүнө жана ичинде жылуу температураны кармап турууга ылайыкташкан. Акылдуу үйдү курууда башкы шарт - түштүк-чыгыш жагындагы каалгалар менен терезелердин күн тийип турган тарабында болуусу. Үйдүн түндүк тарабы желдетүү үчүн гана тетиктер менен жабдылган. Үйдүн кире беришинде орнотулган терезелер маанилүү роль аткарат. Алар жалаң жарык кылуу үчүн эле эмес, жылуулукка да эсептелген.

Мындай үй куруу планын тажикстандыктарга Франциянын архитекторлору менен инженерлери сунуштаган. Алар өлкөдө энергия үнөмдөй турган турак жай планын мурдатан бери өнүктүрүп келет. Адистердин айтымында, жаңы курулуш салынган жерлерде мурун үй жылытуу үчүн кыйылган дарактардын саны эки эсеге азайды.

МУССО ТОЛИБОВ, ЭКОЛОГИЯЛЫК УЮМДУН КЫЗМАТКЕРИ:

- Мындай имараттарды куруу үчүн кыш гана талап кылынат жана дубалдарын жылуулоо зарыл. Адатта өлкөдө аны жасашпайт. Шыптын жылуулугун сактап туруу үчүн камыш же саман төшөлгөн. Алар зыянкечтерден коргоо максатында акиташ менен сырдалат.

Фото: asiatv.kg