Кыргызстан: Курма экспорту

Кыргызстан жашылча-жемиш экспортунун көлөмүн көбөйтүүдө. Багбандар жыйнаган өнүм ЕАЭБ өлкөлөрү менен катар алыскы чет мамлекеттердин чоң суроо-талабына ээ.

Айрыкча, организмге пайдалуу табигый жана витаминдерге бай курмага болгон суроо-талап жогору.

ЖАСУР АЙДАРОВ, АРАВАН АЙЫЛЫНЫН ТУРГУНУ:

- Биз курманы көбүнчө Орусия менен Казакстанга экспорттойбуз. Бул өлкөлөрдө туруктуу сатып алуучуларыбыз бар. Өнүмүбүз табигый тазалыгы менен өзгөчөлөнөт.

НУРЛАНБЕК КУБАТОВ, АРАВАН АЙЫЛЫНЫН АГРАРДЫК ӨНҮГҮҮ ДЕПАРТАМЕНТИНИН АДИСИ:

- Райондо 130 гектардай курма багы бар. Жыл сайын жыйналган өнүмдүн 60 пайызга жакыны экспортко жиберилет. Өткөн жылы бул жемиштин 300 тоннасын экспортко жөнөттүк. Быйыл экспорт көлөмүн көбөйтүү көздөлгөн.

Ош облусу курма менен катар чет өлкөгө алча, шабдалы, кара өрүк экспорттойт. Бул сезондо тышкы рынокко 7800 тонна айыл чарба өнүмдөрү жөнөтүлдү.

АХМАТЖАН МАХАМАДОВ, ӨКМӨТТҮН ОШ ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Ушул жылы Кытай Эл Республикасына алча экспортун расмий түрдө баштадык. Араван аймагында сорттоп-каптоо цехи ачылды. Кийинки жылы алча экспортун үч эсе көбөйтүү көздөлүүдө.

Аймактын багбандары менен дыйкандарын колдоо максатында логистикалык борборлор, өнүм сактоо кампалары менен ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө лабораториялары ачылды. Анда экспортко жибериле турган өнүм түрлөрүнө сертификат берилет.

Фото: kabar.kg